Жеңиштин 75 жылдыгы: Москвадагы парад

Жеңиштин 75 жылдыгы: Москвадагы парад

Москвада Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад болуп өттү. Кызыл аянттагы салтанаттуу жүрүшкө Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев катышты. Ошондой эле, парадга Беларусь, Өзбекстан, Тажикстан, Босния жана Герцеговина, Молдавия, Сербия, Түштүк Осетия жана Абхазиянын лидерлери күбө болушту. Аскерий парадды Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу кабыл алды. Ал эми Кургактагы аскерлердин башкы кол башчысы, армиянын генералы Олег Салюков башкарды.

1945-жылдын кулжа айынын 24дө Кызыл аянтта СССРдин фашисттик Германияны жеңишине арналган парад болуп, жеңүүчүлөрдүн биринчи жүрүшү болгон. Ошол жамгырлуу күндөрү Москванын көчөлөрүнөн  миңдеген жоокерлер жана офицерлер басып өткөн. Андан бери 75 жыл өткөндөн кийин бүгүнкү муунга ачык асманды тартуулаган бир нече согуш ардагерлери, баатырлар жана катаал согуштун күбөлөрү трибунанын эң урматтуу жерлеринен парадга күбө болуп олтурушту.

Жалпысынан быйыл Жеңиш Парадына 13 миңден ашык аскер кызматкери катышты. Мындан тышкары, 75 учак жана тик учак, 200дөн ашык заманбап жана тарыхый аскер техникалары чыгарылды.  

Парадга орус аскерлери менен катар 13 мамлекеттин: Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан, Армения, Беларусь, Кыргызстан, Кытай, Молдавия, Монголия, Индия жана Сербия аскерлери катышты.

Кызыл аянттан Казакстандын 36-десанттык бригадасынын жоокерлери да өттү. Аларды бригада командири, подполковник Улан Нургазиев баштап чыкты.

Аскер парадынан кийин президент Касым-Жомарт Токаев «Белгисиз жоокер» күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышты.

 

Фото: otyrar.kz