«BIZ BIRGEMIZ»: 343 адам «Эл ыраазычылыгы» медалы менен сыйланды

«BIZ BIRGEMIZ»: 343 адам «Эл ыраазычылыгы» медалы менен сыйланды

«Биз биргебиз» онлайн-форуму болуп өттү. Ага Президент Касым-Жомарт Токаев катышты. Президент коронавирустан каза тапкандардын жакындарына кайгыруу менен көңүл айтты. Азыркы учурда кооптуу илдет кайрадан өрчүп жатканы байкалууда. Өлкөнү дагы бир сыноо күтүп турат. Ошондуктан, Мамлекет башчысы мындай каатчылык учурунда биргелешип иш алып баруу керектигин белгиледи.

«Мындай оор мезгилде жоопкерчиликтин канчалык маанилүү экендигин бардыгы түшүнүштү деп ойлойм. Ар бир адам өзүнүн туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугуна кам көрүшү керек. Бул замандын талабы. Ал жөнөкөй принципти кармануудан башталат. Маска тагынуу, өзүн таза алып жүрүү жана социалдык аралыкты сактоо өтө маанилүү. Анткени бул сиздин ден-соолугуңуз жана башка адамдардын ден-соолугу үчүн зарыл. Дагы кайталап айтам, сак жүрсөң, соо жүрөсүң, сактыкта кордук жок. Ошондуктан, жарандарды коргоо үчүн биз бардык керектүү чараларды ыкчам түрдө колго алдык жана бул ишти мындан ары да уланта беребиз», - деди Казакстан Президенти.

Президент мекендештердин өмүрүн сактап калуу үчүн талыкпай иштеген тармак адистерине ыраазычылыгын билдирди. Ошол эле учурда, Мамлекет башчысы бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы - Полиция күнү менен куттуктады. Мамлекеттик кызматкерлердин жана ак халатчан адамдардын да өздүк мааракеси куттуу болсун, деген каалоосун да жеткирди.

«Ата Мекенге берилгендигиңиздер үчүн бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем. Биздин аскер кызматчылары, ыктыярчылар, мамлекеттик кызматкерлер, кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү, журналисттер жана башка жигердүү жарандар чоң урмат-сыйга татыктуу. Сиздердин көмөгүңүздөрдүн аркасында биз коронавируска каршы күрөштүн татаал этаптарын баштан кечирип жатабыз. Бардыгыңыздарды тынчтык күнүнүн баатырлары деп атоого болот. Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Талыкпас эмгегиңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем», - деди Касым-Жомарт Токаев.

Форум алкагында өзгөчө кырдаал учурунда жигердүү иштеген бир топ жарандар сыйланды.

«Эл ыраазычылыгы аттуу атайын медалын тапшырууну чечтим. Бул ушундай кыйын-кезең мезгилинде аянбай эмгектенген жарандарга арналган. Жаңы мамлекеттик сыйлык ушундай чыныгы мекенчил жарандарга тапшырылат деп ишенем», - деди Мамлекет башчысы.

Жаңы дайындалган сыйлык медицина, укук коргоо, аскер жана ЖМК өкүлдөрүнө тапшырылды. Алардын катарында жардамга муктаждарга кол сунган ыктыярдуу адамдар жана меценаттар да бар.

«Бул көрүнүш менин эмгек жолумду эске салды. Кардиохирургиядагы 15 жылда кубанычтуу да, кайгылуу да учурлар болду. Бирок бүгүнкүдөй коркунучтуу пандемиянын кесепеттерин көргөн эмеспиз. Бул коронавирустун өзгөчөлүгү - балдарыбызга жана ата-энелерибизге зыян келтирип жаткандыгында. Бүгүн эртең менен кесиптешиме реанимация тутумун орноттум. Бул абдан коркунучтуу. Бул биздин жумушта болуп же үй-бүлөбүздөн алыста жүргөнүбүз үчүн эмес, вирус чек арага багынбай турганы коркунучтуу. Биз эч качан бейтаптарды ичер суусу бар же үмүтсүз деп бөлбөйбүз. Биз бардыгына бирдей мамиле жасоого аракет кылып жатабыз», - деди Улуттук илимий  кардиохирургия борбору бөлүмүнүн башчысы Тимур Лесбеков сыйлоо салтанатында.

Жалпысынан республика боюнча ар кандай тармактардагы 343 адис пандемияга каршы күрөштөгү олуттуу жана жемиштүү эмгеги үчүн ушундай өзгөчө сыйга татыктуу болушту. Алардын арасында 60 дарыгер, 39 полиция кызматкери, 30 аскер кызматкери, 41 ыктыярчы, 34 меценат, 38 маданият жана билим берүү кызматкери, 25 ЖМК өкүлү бар.

 

Фото: egemen.kz