Улуу тоонун тарых күбөсү: Жучи хандын күмбөзү

Улуу тоонун тарых күбөсү: Жучи хандын күмбөзү

Алтын Ордонун тарыхына түздөн-түз байланышкан баалуу экспонат 2011-жылдан бери Караганды облусунун Улуу тоо районундагы Улуттук тарыхый-маданий корук-музейинде сакталып турат. Бул Жучи хандын күмбөзүнүн башына коюлган. Аталган баалуу затты музейге алып келгенден бери карап, кастарлап келе жаткан адис Баян Шайгозованын айтымында, купол бардык эле эстеликте боло бербеген өзгөчөлүк болуп саналат.

«Жучи хан Чыңгыз хандын тун уулу, казак хандарынын атасы болгондуктан ошол заманда анын эстелигине ушу өзгөчө белги коюлган. Мисалы, республикада архитектура өнөрүнүн өзгөчө аталган 10 эстелиги болсо, алардын бири Жучи хандын эстелиги аталат. Анын мүрзөсүнүн төбөсүндө биз сөз кылып жаткан белги коюлган. Ал кыштан жасалган. Ислам маданиятында белги сөзү күмбөз же эстелик дегенди билдирет экен», - дейт музейдин башкы адиси.

Адистин айтымында, белги музейге жеткенге чейин бир нече жолу оңдоодон өткөн. Мындай оңдоо иштери учурунда анын бир бөлүгү жоголуп кеткен деген маалыматтар да бар.

«1973-жылы Марат Сембин жетектеген изилдөөчүлөр тобу экспедицияга барышкан. Изилдөө учурунда Жучи хандын күмбөзүнө келгенде анын кулап жатканын көрүшкөн. Урап түшкөн дөбөлөрдү изилдөө учурунда окумуштуулар бул куполду табышкан. Азыр биздин музейде анын эки бөлүгү биринин үстүнө бири орнотулуп коюлган. Бирок Марат агабыздын айтымында, чыны формасында дагы бир бөлүгү болгон экен. Балким 1974-жылдан бери ал жоголду же ошол жылдан бери түргузулган музейлердин биринде сакталып калган болушу мүмкүн», - дейт адис.

Баян Шайгозованын Улуу тоо улуттук тарыхый-маданий корук-музейинде иштегенине быйыл 26 жыл болот. Анын айтымында, ар бир экспонат кийинки муунга ата-бабалардын ким болгонунан кабар берген бирден-бир курал болуп саналат. Адистин пикири менен музейдин мүдүрү Бахтияр Кожахметов да макул. Алтын Ордонун 750 жылдыгын белгилөө иш-чарасынын алкагында музейдин иши дагы күчөдү. Келгендердин саны дагы да көбөйдү. Туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн Улуу тоо районунда жайгашкан Жучи хан күмбөзүнө атайын жол жана туристтик тарыхый комплекс курулуп жатат.

«Быйыл Алтын Ордонун мааракесин белгилөө үчүн ар кандай экспедициялар, конференция жана китептердин жарык көрүүсү менен катар, Жучи хан күмбөзүнүн жанына тарыхый комплекс, музей, мейманкана ашканасы менен салынып жатат. Бул туристтер үчүн жагымдуу аймак болуп калат деп үмүттөнөбүз. Комплексти баш оона айында ачууну мерчемдеп жатабыз», - дейт «Улуу тоо» тарыхый-маданий улуттук корук-музейинин мүдүрү Бахтияр Кожахметов.

Ушундай тарыхка бай аймак бир топ талаш-тартыш менен салгылашуунун күбөсү болгон мекен - Улуу тоо аймагы келүүчүлөргө ыңгайлуу жана жагымдуу болору шексиз.