УБТ-2020: сынактын алгачкы күнү жыйынтыкталды

УБТ-2020: сынактын алгачкы күнү жыйынтыкталды

УБТ талаптарын бузган жана тыюу салынган буюмдарды алып өтүүгө аракет кылган 164 абитуриент тестирлөөгө киргизилген жок. Тесттин алдында 73 адам, жүрүшүндө 91 аныкталды. Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун мүдүрүнүн орун басары Наужан Дидарбекова биринчи тест күнүнүн жыйынтыгын жарыялады.

«Кечээ дене табы көтөрүлгөн 2 адам тестке киргизилген жок. Аларга тестти башка күнү өзүнчө аудиторияда тапшыруу уюштурулат. Мындай тестирлөөчүлөр коронавирусту жуктурган же жуккан адам менен байланышта болушу мүмкүн», - деди Наужан Дидарбекова.

Улуттук сынактын алгачкы күнүнүн жыйынтыгына келе турган болсок, жетиштүү балл топтогондордун саны 4222 адамды түздү.

«Бул тест тапшыргандардын 68,3%га барабар. Ал эми жетиштүү балл ала албагандар 1964 тест тапшыруучу же 31,7 пайыз. 130дан ашык упай топтогондор - 39 бүтүрүүчү. Учурда аппеляцияга кайрылуулар кабыл алынууда. Эрежелерге ылайык, арыздар саат 13:00гө чейин кабыл алынат», - деди Наужан Дидарбекова.

Анын айтымында, эгер жергиликтүү апелляциялык комиссия кайрылууларды канааттандырса, конкреттүү чечим кабыл алуу үчүн республикалык апелляциялык комиссияга жөнөтүлөт. Жыйынтыгы кечке чейин жарыяланат. Жалпысынан УБТнын акыркы жыйынтыктары баш оона айында жарыяланат. Анткени быйыл жаңы норма киргизилген. Белгилүү болгондой, баш оона айынын 25не чейин бардык тестирлөө жүрүшүндөгү видео жазууларга атайын программанын жардамы менен талдоо жүргүзүлөт. Эгерде текшерүү учурунда тест тапшыруучу тыюу салынган буюмдарды колдонгону аныкталса алардын натыйжалары жокко чыгарылат. Эгер ал мамлекеттик билим берүү грантынын ээси болсо, анда гранттын жыйынтыгы да жокко чыгарылышы мүмкүн экенин Наужан Дидарбекова эскертти.

Эске салсак, кулжа айынын 21де өлкөдө Улуттук бирдиктүү тестирлөө башталган. Тесттер бардык 15 аймакта түзүлгөн 164 атайын пунктта өткөрүлдү. Алардын 44ү айыл жеринде жайгашкан. Жалпысынан ушул күнү тест тапшырууга милдеттенген 6512 бүтүрүүчүдөн 6182си тесттен өттү. Белгилей кетсек, быйыл жалпы тестирлөө убактысы 10 мүнөткө узартылган.

«Учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, ар бир тест тапшыруучуга 1 суроого жооп берүүгө 2 мүнөт убакыт берилди. Бул эл аралык сынактардагы убакыттан бир канчага көп. Аларда ар бир тапшырмага 1 мүнөт 2 секунда берилет», - деди Улуттук тестирлөө борбору мүдүрүнүн орун басары.

Наужан Дидарбекованын айтымында, бул тажрыйба пандемиядан кийин да колдонулат. Аталган өзгөртүү УБТ өткөрүү тууралуу мыйзамга киргизилген.

 

Фото: kp.kz