Бельгияда казак маданий борбору ачылды

Бельгияда казак маданий борбору ачылды

Бельгиянын борбору Брюсселде Казакстан элчилигинин колдоосу менен «Тил-казына» аттуу казак маданий борбору ачылды. Борбор  дипломаттарга жана ал жердеги казак диаспорасынын өкүлдөрүнө Ата Мекен менен байланышта болуу жаатында кызмат көрсөтөт деп билдирет Казакстандын Бельгия Королдугундагы элчилиги.

Борбордо казак тили жана адабияты боюнча сабактар, Казакстандын тарыхы жана маданияты боюнча семинарлар, казак кол өнөрчүлүгү жана казак ашканасы боюнча мастер-класстарды өткөрүү мерчемделүүдө. Бул жерде келгендер казак тилин үйрөнүп, тарыхы жана маданияты менен таанышып, элчиликтин китепканасынан пайдалана алышат. Мындан тышкары, эки жыл мурун бул жерде элчилик ачкан Казак бий борбору өз ишин улантат.

Белгилей кетсек, Казакстандан асырап алынган балдар үчүн да борбордун эшиги ачык.

«Өз мекенинен алыс жүргөн жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн маданий борбордун эшигин ачып жатабыз. Ошондой эле, биз казак маданияты жана тили менен таанышам деген башка конокторду да чыдамсыздык менен күтөбүз», - дейт ал.

Бүгүнкү күндө маданий борбордо 30га жакын бала кабыл алынат. Келечекте видео байланыш аркылуу аудиторияны кеңейтүү пландаштырылууда. Элчиликтин маалыматы боюнча, учурда Бельгияда 600 казак жараны жашайт.

 

Фото: inform.kz