Карагандыда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү

Карагандыда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү

Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун башталганына 79 жыл болду. 1941-жылы дал ушул күнү таңкы саат 4төр чамасында фашисттик Германиянын армиясы СССРдин батыш чек арасына кол салган. Ошентип тарыхта 1939-1945-жылдарга чейин созулган Экинчи Дүйнөлүк Улуу Ата Мекендик Согуш башталган.

Бул тарыхый датага байланыштуу Караганды шаарында эл аралык эскерүү кечеси болуп өттү. «Бейпилчилик жана тынчтык үчүн биз биргеликте жеңишке жетиштик» аттуу масштабдуу долбоорунун катышуучулары «Түбөлүк оттун» эстелигине гүл коюп, шам жагышты. Иш-чара онлайн режимде көрсөтүлдү. Маданият ишмерлери жана коомчулук өкүлдөрү курман болгон жоокерлерге жана тыл эмгекчилерине таазим кылышты.

«Немис фашизмине каршы күрөштө адамзат тарыхындагы эң кандуу согушта Ата Мекен үчүн жанын берген ата-бабаларыбыздын аттарын түбөлүккө калтыруу биздин милдет. Баскынчыларды жеңүүдө биринчи кезекте биздин жоокерлерди мекенге болгон сүйүү жана биримдик бириктирди. Биз азыркы муунга Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жеткен жоокерлердин баатырдыгына татыктуу экендигибизди далилдөөгө тийишпиз», - дейт «Согласие» орус маданий борборунун төрагасы Степан Вадюнин.

Ал эми Иртыш районунда согуш жылдарынан кабар берген эскерүүлөр китеби жарык көрдү. «Войной опалённые строки» басылмасында тарыхый маалыматтар, согуш жылдарындагы документтер жана жоокерлердин каттары камтылган. Окурман коомчулугуна согушта курман болгон адамдардын сүрөттөрү, баракчалар жана кара кагаздары сунушталган. Чыгарманын авторлору Вера Болтина, Людмила Шевелёва жана Татьяна Покидаева мамлекеттик архивдерден баалуу аскердик маалыматтарды таап, аны жеке адамдардын колундагы материалдар менен толукташкан.

«Бул ошол жылдардан калган керемет эскерүүлөр. Согуш майданынан келген каттар таасирдүү болгон. Аскерлер туугандары жана достору менен кат аркылуу байланышып турушкан. Алсак, үч бир тууган бир жерде согушкан. Туугандарынын айтымында, үчөө тең тирүүлөй өрттөлгөн. Кийинчерээк алардын биринин аман калгандыгы белгилүү болду. Тилекке каршы, кийинчерээк ал дагы согушта каза тапкан. Бул китепте ошол тарыхый факт камтылган», -  дейт Павлодардагы география үйүнүн мүдүрү Александр Вервекин.

 

Фото: kzaif.kz


×