Аида Балаева: Чет жердеги мекендештерди колдоо программасы даярдалды

Аида Балаева: Чет жердеги мекендештерди колдоо программасы даярдалды

Чет өлкөдөгү казакстандыктарды колдоого багытталган 2021-2025-жылдарга карата программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Сенаттын жалпы жыйынында маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева билдирди.

«Чет өлкөдөгү мекендештерибизди колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Ата журтка кайтып келген мекендештерибиз көп. Ушул максатта системалуу иш жүрүп жатат. 2018-жылы Мекендештер фонду түзүлгөн. Фонд учурда жигердүү иштеп жатат», - деди министр.

Министрдин айтымында, акыркы бир жарым жыл ичинде казакстандыктарды колдоо максатында 3 миңге жакын иш-чара уюштурулган. Айрыкча жаш муунду тарбиялоого, жаштардын ата мекен менен болгон байланышын чыңдоого жана колдоого өзгөчө көңүл бурулган.

«Балдар лагери уюштурулуп, казак тили курстары башталды. Усулдук колдонмолор иштелип чыкты. 12 мамлекеттин 23 шаарында казак тилин үйрөтүү үчүн 31 онлайн класс ачылды. Алар азыр жигердүү иштеп жатышат. Чет өлкөлөрдөгү 250 казак борбору менен кызматташтык түзүлгөн. Бул иш туруктуу негизде улантылат», - деди А.Балаева.

Өз кезегинде Сенат төргасы Маулен Ашимбаев мекендештер маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп өттү.

«Жарандык алуу үчүн документтердин тизмесин кыскартуу жана жол-жобосун жөнөкөйлөтүү зарылчылыгы бар. Бүгүнкү күндө биздин мекендештерибиз ал үчүн жарым жыл, атүгүл бир жыл бою жүрөт. Алар документтерди ар кайсыл жактан чогултуп, көп убара тартышат. Биздин мекендештер анын жол-жобосун жөнөкөйлөтүү маселесин көп көтөрүшөт. Бул боюнча Өкмөттө кайсыл бир иштер башталгандыгын билебиз. Айкын натыйжа болот деп үмүттөнөбүз», - деди Маулен Ашимбаев.

 

Фото: liter.kz