Казакстандык чиновниктер четинен обочолонууда

Казакстандык чиновниктер четинен обочолонууда

Коронавирус жуктурган саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдун милдетин анын орун басары Ляззат Актаева аткарат. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий өкүлү Диас Ахметшарип маалымдады. Ляззат Актаева 2017-жылдын бирдин айынын 28де Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалган. Анын айтымында, министр ооруканада аралыктан иштеп, штабдын ишин жөнгө салып турат.

«Елжан Амантайулы клиникалык протоколго ылайык дарыланып жатат. Организми вируска каршы терапияны жакшы көтөрүүдө. Дарыланып бүткөндөн кийин айыгып, өз ишине киришет деп үмүттөнөбүз», - деди Диас Ахметшарип.

Чиновниктер коронавирус коркунучунан улам четинен обочолонуп жатышат. Өкмөт башчысы Аскар Мамин, Жамбыл облусунун губернатору Бердибек Сапарбаев, Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов жана Айыл чарба министри Сапархан Омаровдун катарына дагы эки чиновник кошулду. Казакстандын Экология, геология жана табигый ресурстар министрлиги Магзум Мырзагалиевдин коронавирус коркунучуна байланыштуу  обочолонгону кабарланды.

«Магзум Маратулы өткөн жума күнү Саламаттык сактоо министри менен учуп келген. Ошондуктан ал байланышта болгон адам катары обочолонду. Министр тесттен өтүп, жыйынтыгы терс болду. Апта аягында дагы тест тапшырат. Бирок бардык жумушчу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү онлайн режиминде жүргүзүп жатат», - деди министрдин басма сөз катчысы Самал Ибраева.

Коргоо министри Нурлан Ермекбаев да изоляцияга алынды. Бирок министр инфекцияны жуктурган Елжан Биртанов, президенттин басма сөз катчысы Берик Уали же депутат Бекболат Тлеухан менен жолугушкан эмес. Мунун баары Москвада өтө турган парадга камылга болуп саналат. Буга байланыштуу министр кулжа айынын 11нен бери изоляция режимине өттү.

«РКнын коргоо министри орусиялык кесиптеши - армиянын генералы Сергей Шойгунун чакыруусу менен катышат. Өзүн өзү изоляциялоо чарасы чет өлкөгө чыгуу тартибин, дарыгерлердин сунуштарын, ошондой эле, санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынды», – деп кабарлайт Коргоо министрлиги.

Белгилей кетсек, Коргоо министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн кызматы телефон жана видео конференция аркылуу көзөмөлдөнөт. Өзүн-өзү изоляциялоо режиминин аяктаган күнү чечим Москвадан кайтып келгенден кийин министрдин анын ден соолугуна жараша кабыл алынат.

 

Фото: chistovik.info