Туристтер арасында борбордун кайсы кооз жерлери талап кылынат?

Туристтер арасында борбордун кайсы кооз жерлери талап кылынат?

Нур-Султанда кандай тарыхый жана маданий эстеликтер бар? Тургундар жана коноктор эң көп барган жерлер кайсылар? Борбор калаа күнүнүн алдында Нур-Султан шаарынын акимчилигинин расмий сайты шаардагы эң кызыктуу жерлерди аныктады. Борбордун өзгөчөлүгүнө айланган жана адамдарды өзүнө тартып турган символикалык жерлердин бири - Байтерек болуп чыкты.

«Мындан тышкары, шаардын тургундары жана коноктору үчүн эң ыңгайлуу жер - бул искусство эстеликтери бар сейил бактар. Ошондой эле, Түбөлүк өлкө дарбазалары, ЭКСПО аянты ж.б. өзгөчө жерлер», – дейт «Тарыхий-маданий мурастар эстеликтери жана объеттеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча дирекциясы» МККК мүдүрү Нарима Мухамбеталина.

Туристтер үчүн эң жагымдуу жерлердин бири - «Нур Алем» келечек энергия музейи. Коноктор бул имараттын заманбаптыгын жана уникалдуулугун белгилешет. Аталган жерлерден башка жогору бааланган көрүнүктүү жерлердин катарына Нурлы Жол бульвары, Улуттук музей, Астана опера театры, Казак өлкөсү монументи жана Хан Шатыр кирди.

Нарима Абыл кызынын айтымында, борбор шаарда 46 тарыхый жана маданий объект бар, алар мамлекеттик эстеликтердин тизмесине киргизилген. Алардын ичинен 34 архитектуралык эстелик, 12 археологиялык эстелик. Алардын үчөө улуттук маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине киргизилген. Аларда мамлекеттин коргоосуна алынганы тууралуу атайын белги орнотулган. Аны менен катар, эстеликтин мааниси жөнүндө 6 тилде маалымат берген QR коддор коюлган.

Борбордун көрүнүктүү жерлерин көрүүгө Орусия, Түркия, Франция, Улуу Британия, Украина, Польша, Жаңы Зеландия, Мексика жана АКШнын туристтери  келишет.

 

Фото: tripadvisor.ru