Алматы карантиндик чаралар күчөтүлгөн аймактардын катарына кошулду

Алматы карантиндик чаралар күчөтүлгөн аймактардын катарына кошулду

Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашы Алматы шаарында карантин талаптарынын күчөтүлүүсүнө алып келди. Ошентип, шаардагы кардарларды тейлөө борборлору, соода жана оюн-зоок борборлору жана базарлардын жумуш убактысына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу шаардын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Жандарбек Бекшиндин буйругунда айтылат. Документке ылайык, эгерде мамлекеттик органдарда, уюмдарда, улуттук компаниялардын филиалдарында жана башка кеңселерде кызматкерлердин саны 30 адамдан көп болсо 50% аралыктан иштөө режимине өтүү керек.

«Адамдар көп чогула турган иш-чараларга чектөө коюлду. Менчик үйлөр жана имараттар ижарага берилет, биз ага да чектөө коюп жатабыз. Жеке менчик үйлөрдө адамдардын массалык жыйналуусуна жана  иш-чараларды өткөрүү үчүн жеке үйлөрдү ижарага берүүгө же ижарага алууга тыюу салынат», - дейт ал.

Мындай чектөөлөрдүн киргизилиши инфекциянын адамдан адамга жугуусун токтотууга багытталган. Акыркы мезгилдерде кооптуу илдетти жуктуруу учурларынын саны көбөйүүдө, деп билдирди Алматынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери. Мисалы, жакында эле «Рахат» фабрикасында иштеген беш жүзгө жакын адам илдетке чалдыккан.

«Биринчиден, фабриканын жумушчуларынын бири пландуу операцияга жиберилгенде коронавирус аныкталган. Андан кийин стационардык тепловизордун жардамы менен сегиз кишинин вирус жуктурганы белгилүү болду. Алар жогорку температура менен жумушка келишкен. Тез жардам чакырылып, жумушка киргизилген эмес», - деди Жандарбек Бекшин.

Бул окуядан кийин дарыгерлер ишкананын бир жарым миң кызматкерин текшерип чыгышты. Симптомдору жок 467 адам аныкталды. Учурда бардыгы үй карантининде, аларды клиниканын дарыгерлери көзөмөлдөп турушат.

Эске салсак, кулжа айынын 13дө кондитер фабрикасында иштегендерден коронавирус аныкталып, ишкана убактылуу жумушун токтотту. Башында завод кулжа айынын 15не чейин жабылган, эми карантин мөөнөтү бир жумага - 23-июнга чейин узартылды.

 

Фото: harpersbazaar.kz