Смоленскке жакын жерде каза тапкан казак жоокеринин сөөгү мекенинде жерге берилди

Смоленскке жакын жерде каза тапкан казак жоокеринин сөөгү мекенинде жерге берилди

Көзү өткөндөргө урмат көрсөтүү тирүүлөрдүн милдети. Экинчи Дүйнөлүк согушта Смоленскке жакын жерде каза болгон казак жоокери Өмүрзак Казанкаповдун сөөгү Орусиядан Семейге атайын учак менен жеткирилди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Жоокердин сөөгү Москвадагы  «Издөө» коомдук уюмунун «Кобальт» издөө тобу тарабынан Смоленск облусунун Темкин районунун аймагына болгон талаа сапарында табылган. Аскер кызматкери жөнүндө маалымат 1925-жылкы үлгүдөгү жакшы сакталган жоокер медальонунун бланкы негизинде аныкталган. Издөө тобу жоокердин жакындарын көптөн бери издешкен. Натыйжада анын Семей шаарындагы небереси Омаргали Мадияр жана павлодардык чөбөрөсү Ляззат Казанкапова аркылуу табылды», деп жазган мекемедегилер.

«Кобальт» издөө тобунун командири жоокердин сөөгү менен бирге жеке буюмдарын туугандарына өткөрүп берди. Тактап айтканда, шлем, күрөк, самын идиш, кружка, медальон, рамкадагы чаптама, тарыхый маалымдамасы жана документтери бар медаль.

Өмүрзак Казанкапов 1942-жылы баш оона айынын 14дө Ржев-Сычёвка чабуулунда 120-аткычтар бригадасынын курамында каза тапкан. Туугандары анын өлүмү жөнүндө 78 жылдан кийин гана билишкен.

Каза тапкан жоокердин сөөгү Семей шаарындагы көрүстөнгө аскерий урмат менен жерге берилди.

 

Фото: inbusiness.kz