Казакстандын айрым аймактарында карантиндик чаралар кайрадан күчөтүлүүдө

Казакстандын айрым аймактарында карантиндик чаралар кайрадан күчөтүлүүдө

Коронавирустун жайылуу коркунучу басаңдай элек. COVID-19 коркунучунан улам Нур-Султандагы бала бакчалар, кинотеатрлар жана оюн борборлору кулжа айынын 15нен тарта ишин баштабай турган болду. Шаар акимчилиги бала бакчалар кезек-кезеги менен, башкача айтканда, бир топто 15 баладан турган бакчалар ишин уланта турганын кабарлайт. Биринчиден, бул балдарын үйдө калтырууга чамасы жок ата-энелер үчүн кызмат кылат. Мектепке чейинки баланын орду сакталат. Бала бакчага кабыл алуу үчүн райондук педиатрдан баланын ден-соолугу жөнүндө аныктамасы болууга тийиш. Баланы бала бакчага кабылдоо алдында тарбиячылар ата-энелердин катышуусу жана медициналык кызматкерлердин көзөмөлдөөсү менен баланы милдеттүү термометриядан өткөрүп, эрте менен текшерет.

«Инфекциянын коркунучу а түгүл ден-соолугу чың болгон жаштарды алсыратып жибериши мүмкүн. Этият болуу керек. Бир адамдын кайдыгерлиги экинчисине коркунуч туудурбашы керек. Коронавирус бир нече күндүн ичинде адамдын саламаттыгын начарлатып жиберет. Ошондуктан өзүңүз үйдө дарыланып алам деп ойлобоңуз», - дейт борбордук коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Сауле Кисикова.

Ошондой эле, кулжа айынын 15нен баштап оорунун курчушуна байланыштуу айрым аймактарда карантиндик чаралар күчөтүлөт.

Бүгүн кечки саат 20.00дө Көкшетау шаарындагы 7 өткөрүү пунктунун иши кайрадан жанданып, азык-түлүк, тиричилик химиясы, азык-түлүк эмес товарларды сатуучу дүкөндөрдүн иши, спорт объекттери, коомдук тамактануу жайлар менен диний мекемелердин иши чектелет. Акмола облусунун башкы санитардык дарыгери Айнагүл Мусина шаар тургундарына ушундай шашылыш билдирүү жасады.

«Кулжа айынын 14нө карата облуста 199 коронавирустук инфекция катталып, алардын төртөө трагедия менен аяктады. Облустун борборундагы кырдаал татаалдашты. Мониторинг тобунун иши көрсөткөндөй, калк өзүлөрүнүн жана туугандарынын саламаттыгына кайдыгер. Үй-бүлөлүк туулган күндөр, үйлөнүү тойлор, мааракелер жана сөөк коюу сыяктуу массалык иш-чаралар өткөрүлүп жатканын билдик. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген ишканалар да бар. Бардык учурларда административдик чаралар кабыл алынууда», - деп айтылат маалыматта.

Батыш Казакстанда коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында чектөө чаралары киргизилди. Облустун башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин жаңы буйругуна ылайык, кулжа айынын 15де карантин алынып салынганы менен азырынча чектөө чаралар колдонулат. Тактап айтканда, тойлорго, мааракелерге, үй-бүлөлүк, мемориалдык, үрп-адаттарга жана башка коомдук чогулуштарга тыюу салынат. Бардык мектепке чейинки балдар уюмдарында нөөмөттүк топтордун гана ишине жол берилет. Ошондой эле, шаардык эс алуу парктары, көңүл ачуучу жайлар, кинотеатрлар, оюн аянтчалары, түнкү клубдар, компьютердик жана оюн клубдары, кальян, букмекердик кеңселер, балдардын ден-соолугу жана мектеп лагерлери, мааракелерди уюштуруу кызматтары, диний объекттер ишин токтото турат.

Эскерте кетсек, кечээ Жамбыл облусунда катуу чектөөлөр киргизилди. Караганды облусунда кулжа айынын 13нөн бери карантин чаралары күчөтүлдү. Түндүк Казакстан облусунда акыркы жумада COVID-19 менен ооруган адамдардын саны 7%га  көбөйгөн, өткөн ишембиден баштап бир катар объекттердин иштешине тыюу салынып, дүкөндөрдүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана айылдар аралык коомдук транспорттордун графигине өзгөртүүлөр киргизилди.

Карантин талаптарын жөнөкөйлөштүрүү калктын кайдыгерлигине алып келди. Адамдар беткап тагынышпайт, социалдык аралыкты сакташпайт, коопсуздук эрежелерин эске алышпайт. Тыюу салынганына карабастан, үй-бүлөлүк иш-чаралар көптөгөн адамдардын катышуусу менен уюштурулат. Саламаттык сактоо адистеринин айтымында, коронавирустук инфекцияга эпидемиологиялык текшерүүнүн жыйынтыктары далил болууда. Андыктан  өлкөнүн жарандары эртеңки күнү жабыркап калбашы үчүн бүгүнтөн калбай сактык чараларын көрүүгө чакырат.

 

Фото: astana.gov.kz