Жөө жүрүш: Алматылык ыктыярчылар Абайдын туулган жерине жөнөштү

Жөө жүрүш: Алматылык ыктыярчылар Абайдын туулган жерине жөнөштү

1200 чакырым. Алматыдан Абай Кунанбай уулунун туулган жерине бет алган жөө жүрүүчүлөр бул аралыкты 30 күндө басып өтүшөт. Акындын 175 жылдыгын утурлай Чыгыш Казакстан облусунун Жидебай айылына жөө экспедициясын алматылык 4 адамдан турган жаштар уюштурушкан. Буга чейин мындай сапарга эч ким чыккан эмес. Алар жолго керектүү буюмдарын, кийимдерин жана тамак-ашын камдап алышкан.

«Биздин максат - улуу казак акыны Абай Кунанбай уулунун мааракесине карата анын туулган жерине жөө жетүү. Ушундай жол менен биз казак адабиятынын негиздөөчүсүнө таазим кылууну туура көрдүк», - дейт экспедиция мүчөсү Дамир Кушеев.

Сапарга чыккан жигиттер Абайдын китептеринин, ошондой эле, казак классигинин чыгармалары менен таанышуу үчүн  «Кара сөздөрдүн» аудио нускаларын угуп барышарын айтышат. Белгилей кетсек, алар Жидебай айылына теке айынын 12де жетүүнү мерчемдешүүдө. Жолдо алар акын окуган медресеге, Абай жашаган үйгө жана заманбап музейге токтошот.

«Абай - казак адабиятынын күзгүсү. Ал казак тилинин негиздөөчүсү болгондуктан анын чыгармаларына көптөгөн адабий жанрлар кирген. Бир караганда анын поэзиясы жөнөкөй, бирок өтө татаал. Анын ар бир чыгармасында терең ой камтылган», - дейт экскурсия жетекчиси Ольга Болдакова.

 

Фото: khabar.kz