Келечекке багыт: борбордо УБТ кандай жана кайда өткөрүлөт?

Келечекке багыт: борбордо УБТ кандай жана кайда өткөрүлөт?

Нур-Султан шаарынын акимчилиги быйыл бүтүрүүчүлөргө Бирдиктүү улуттук тест тапшыруунун жаңы талаптары менен тааныштырды. Тестирлөөнүн орду жана тартиби бекитилип, сынак күн сайын өткөрүлөт. Борбор калаа бүтүрүүчүлөрү үчүн УБТ күндөрү кулжа айынын 20нан теке айынын 5не чейин деп белгиленди. Алар Л. Гумилёв атындагы Евразия Улуттук Университети, С. Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык университетинде жана Казакстандын экономика, финансы жана эл аралык соода университетинде сынак тапшырышат.

«Бүгүнкү күндө тест тапшыруучулардын маалымат базасы түзүлдү. Жеке идентификация тутумунун бардык жараяны жасалды. УБТ пункттары бардык керектүү каражаттар менен  жабдыкталды», - деп айтылат Нур-Султан шаарынын билим берүү башкармалыгынын кабарламасында.

Пандемияга байланышууу ата-энелерге балдарынын сынак пунктарында күтүүгө тыюу салынат. Тесттин жүрүшүн үйдө отуруп көрүү үчүн атайын онлайн көрсөтүү уюштурулат. Кооптуу илдеттин таралуу коркунучун азайтуу үчүн кошумча сактык чаралары колдонулат.

«Бүтүрүүчүлөр жана окутуучулар үчүн COVID-19 жана кооптуу илдеттин жайылышын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Сынак учурунда абитуриенттер бири-биринен 2 метр аралыкта болушу шарт. Тапшыруучуларды  дезинфекциялай турган туннель аркылуу өткөрүү, атайын дезинфекциялоочу каражат менен бут кийимди тазалоо, дене табын өлчөө, бир жолу колдонула турган беткаптар, колкаптар, санитардык тазалагычтар сыяктуу чаралар каралган. ЖОЖдордо жана класстарда желдетүү тутумдарынын үзгүлтүксүз иштеши камсыз кылынат. Жалпысынан бардык жерде санитардык талаптар катуу сакталат», - деп айтылат мекеменин маалыматында.

УБТ учурунда 100 полиция кызматкери жана 10 атайын техника борбордогу коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, 9 медициналык кызматкер жана үч тез жардам унаасы тартылат. Шаардын четки райондорунда жашаган окуучуларды сынак өтчү жерге алып келүү үчүн башкарма 46 автобус даярдады.

Быйыл УБТ форматы өзгөргөн жок. Жалпысынан тестирлөө беш предмет боюнча - үч милдеттүү жана эки профилдик предмет  боюнча кагаз жүзүндө жүргүзүлөт. Бардык тест тапшырмаларынын жалпы саны - 120, максималдуу балл - 140.

2020-жылы борбор шаардагы мектептерди 6515 окуучу бүтүргөн. Бүтүрүүчүлөрдүн 95% УБТ тапшырууга ниеттенүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл УБТнын катышуучуларынын саны былтыркыга караганда 11% жогору. Жалпы жонунан 130 миңден ашуун бүтүрүүчү тест тапшырышат. Министрликтин маалыматы боюнча, буга чейин ЖОЖдорго 53 миңден ашык грант бөлүндү.

 

Фото: ainews.kz