Казакстанда электрондук санариптик кол тамганын жаңы модели пайда болот

Казакстанда электрондук санариптик кол тамганын жаңы модели пайда болот

Жай мезгилинин аягына чейин өлкөдө электрондук санариптик кол тамгалардын жаңы «булут» модели иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн атайын брифингде Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук министри Аскар Жумагалиев билдирди. Анын айтымында, учурдагы пилоттук долбоордун негизги айырмасы – аны колдонуу үчүн компьютерге кошумча программаларды орнотуунун кажети жок. Жакшыртылган версиянын нускасы компьютерде же башка жакта сакталбайт. Кызматты алууда тутум жарандын серверде сакталган санариптик колтамгасын автоматтык түрдө аныктайт. Андан ары аны ээсинен башка эч ким колдоно албайт.

«Бир нече ай мурун, биз санарип колтамгасын алыстан алуу жараянын ишке коштук. Ал эми азыркы учурда биз NCALayer орнотууну талап кылбай турган альтернативдүү электрондук санариптик кол тамгасын иштеп чыгуунун үстүндө алектенип жатабыз», - деди Аскар Жумагалиев.

Эске салсак, бүгүнкү күндө өлкөдө 10 миллиондон ашык санарип кол тамгалары колдонулат. Жарандарда ага байланыштуу көптөгөн суроолор пайда болуп жүргөнү жашыруун эмес. Башында, айрымдарына электрондук кол тамга алуу кыйынга турса, кээбирлерине аны колдонуу үчүн кошумча программаларды орнотуунун зарылдыгы жаккан жок. Министр ошондой эле, быйыл аныктамалардын 25 түрдөгү документ жүгүртүүдөн алынып салынарын кошумчалады.

«Быйыл мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтырууну 90% чейин жеткирүү максаты коюлду. Биз ушул иш-чаралардын үстүнөн бардык мамлекеттик органдар менен иштешип жатабыз, жалпысынан тиешелүү иштер план боюнча жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу менен бирге, биз алардын айрымдарын, башкача айтканда дарек маалыматын алып жатабыз. Себеби, бул аныктама бир мамлекеттик органдан экинчисине керек болот», - деди министр.

Анын айтымында, «элге жакын болуу» принцибинде электрондук өкмөттүн мобилдик платформасы бар. Ал аркылуу калкка кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү эске алынат. Бүгүнкү күндө 60 кызмат ушул платформада иш алып барат. Аны менен катар телеграм-ботторду жигердүү жайылтуу мерчемделүүдө.

 

Фото: inform.kz