Казакстанда мугалимдердин маянасы 41 пайызга өстү

Казакстанда мугалимдердин маянасы 41 пайызга өстү

Өлкөдө мугалимдердин айлык акысы 41% жогорулады. Мындай маалымат Ranking.kz сайтына чыкты. Жарыяланган маалыматтарга ылайык, борбор калаадагы билим берүү кызматкерлерине айлык акы башка аймактарга караганда көбүрөөк төлөнөт. Бул орто эсеп менен 260 миң теңге. Белгилей кетсек, бул республикалык орточо көрсөткүчтөн 1,7 эсеге жогору.

Ал эми Алматы шаары жана Алматы облусундагы мугалимдер борбордогу мугалимдерге караганда бир аз азыраак маяна алышат. Басылманын маалыматы боюнча, минималдуу айлык акы Батыш Казакстан облусунда. Алар ай сайын орто эсеп менен 134,6 миң теңге маяна алышат.

Жалпысынан өлкөдө билим берүү тармагында 1,1 миллиондон ашык казакстандык иштейт, алардын 74% аялдар. Башкача айтканда, 4 мугалимдин 3 аял киши.

 Жумуш менен камсыз болгондордун көпчүлүгү Түркестан облусунда катталган. Алгачкы үч орунга Алматы облусу жана Алматы шаары кирди.

Белгилей кетсек, 2019-жылы Казакстанда билим берүүгө 212 миллиард теңгеден ашык каражат сарпталган.

 

Фото: neonomad.kz