Абайдын 175 жылдыгына арналган иш-чаралар

Абайдын 175 жылдыгына арналган иш-чаралар

Нур-Султан шаарында Абай Кунанбай уулунун сүрөтү тартылган портрет пайда болду.

Улуу казак акыны, композитор, казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү Абай Кунанбай уулунун портрети Абай проспектисинин жанындагы көп кабаттуу турак жайлардын биринин дубалына түшүрүлдү. Бул тууралуу astana.gov.kz кабарлады. Бейне-сүрөт Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракесине карата «Байкоңур» райондук акимчилигинин колдоосу менен тартылды.

Ал эми Станиславский атындагы Караганды театры казак акынынын мааракесине арналган спектаклге даярдык көрө баштады. Спектакль Мухтар Ауэзовдун «Абай жолу» романынын сюжетинин негизинде жазылган.

«Бул бир адамдын трагедиялуу тагдыры. Бул эски феодалдардын оор күндөрү. Өмүрүнүн акырына чейин талыкпай эмгектенип, өз элин сүйгөн жана өзүнүн чыгармачылыгы, аракеттери жана терең ойлору менен дүйнөнү гүлдөп-өркүндөтүүгө аракет кылган адам жөнүндө спектакль. Ушундай жол менен ал атүгүл балдарын өз мекенинен алып кетип, аларды башка жакта окутуп, билим алуу үчүн өз жанын курман кылган. Натыйжада тун уулу Абдрахман катуу ооруп, атасынын үмүтүн жана каалоосун аткара албай көз жумган. Бул өз убагындагы тоскоолдуктарга карабастан өз максатына жетүү үчүн келечекке карай кадам шилтеген адам жөнүндө спектакль. Ал өз элинин арасында, чоочундардын арасында тууган болуп көрүнгөн», - дейт театр жетекчиси жана коюучу режиссёр Дунай Еспаев.

Спектаклдин негизги багыты - Абайдын балдары менен болгон мамилеси жөнүндө.

«Мага Абай мурасын изилдөөдө бул тема толук ачылбаганы байкалды. Биринчи окуу жана талкуулоо учурунда кесиптештерим менен кеңешип, бул материалды андан ары тактоону чечтим. Ар кандай ой-пикирлерди уккандан кийин мен бул теманы дагы да конкреттештирүүнү чечтим. Мен иштей баштадым. Каармандар дагы кошулат деп ойлойм. Театрдын бардык артисттери катышат. Артисттер жетишсиз болуп калабы деп корком. Анткени бул өтө масштабдуу материал. Мен анын кайсыл жерден бүтөөрүн билбейм», - дейт мүдүр.

Спектаклдин премьерасы баш оона айынын аягына мерчемделген. Артисттер ал убакка чейин көрүүчүлөргө театр эшигин ачып калат деп үмүттөнүшөт.

Мындан тышкары, Чыгыш Казакстан облусу Абайдын мааракесине кызуу даярданууда. Учурда улуу акындын туулган жери чоң курулуш аянтчасына айланууда. Бул жерде социалдык объекттер жана аттракциондор курулат.

«Курулуш иши күч алды. Азыр бул аймакты карасаңыз бүтүндөй облустун техникалары ушул жерде жүргөн сыяктуу. Сыртта Каскабулакка бара турган болсоңуз мөлтүрөп агып жаткан булак суусунан ичкиңиз келет. Абдан таза. Мына ушундай иштер башталды»,- дейт акын, коомдук ишмер Төлеген Жангалиев.

Ал эми Караул айылынын жанындагы Абай атындагы жаңы парктын курулушу уланууда. Анын жалпы аянты 15 гектарды түзүп, учурда бул жерде бак-дарактар ​​отургузулууда. Долбоордун авторунун айтымында, эл эс ала турган жер домбра түрүндө болот. Мында айылдыктар жана коноктор үчүн эс алууга шарттар түзүлөт. Бул үчүн облустук бюджеттен 2 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнгөн.

 

Фото: tengrinews.kz