Казакстандык илимпоздор Алтын Ордо заманындагы шаарларды изилдөөдө

Казакстандык илимпоздор Алтын Ордо заманындагы шаарларды изилдөөдө

Учурда Кызылорда облусундагы 6 эстеликте казуу иштери жүрүп жатат. Илимпоздор Байыркы Бабиш мүрзөсүнүн сырларын, Алтын Ордодогу Жанкент, Сортөбе жана Сыганак, Асанас, Кышкаланын орто кылымдагы шаарларынын сырларын ачып, изилдеп чыгышат. Бул улуу улустун 750 жылдыгын белгилөөдө өзгөчө мааниге ээ. Ал эми жергиликтүү бийлик тарыхый жайлардын инфраструктурасын өркүндөтүүгө өзгөчө маани берүүдө. Мисалы, Сыганак жана Жанкент сыяктуу артефакттардын аймагы курчалып,  жолдор калыбына келтирилди. Жергиликтүү адистер тарыхый жерлерди ачык асман алдындагы музейге жана туристтик борборго айландыруу маанилүү маселе деп эсептешет.

«Эл байлыгы болгон руханият жана маданият ар бир аймактын динамикалуу өнүгүүсүндө өзгөчө ролду ойной турганы айдан ачык. Тарыхый жана маданий эстеликтерге жана баалуулуктарга бай Сырдарыя чөлкөмү Улуу Жибек Жолунун жанындагы таанып-билүүчүлүк жана билим берүүчү жаңы туристтик жайга айланууга тийиш. Биздин негизги милдетибиз - муундун уландысынын негизи болгон улуттук баалуулуктарыбызды жана ата-бабалардан калган мурастарыбызды сактоо жана жаш муунга өткөрүп берүү», - дейт Кызылорда облустук маданият, архивдер жана документтер башкармалыгынын башчысы Мира Абуова.

Мындан 6 жыл мурун Кызылорда облусунда масштабдуу археологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Натыйжада облустук чөлкөм таануу музейинин фонду 6 миң 486 баалуу экспонат менен толукталган. Жалпысынан аймакта 545 тарыхый жана маданий эстелик бар. Алардын 134 археологиялык мурас категориясына кирет.

 

Фото: azan.kz