Казакстандык аскерлер Москвада өтө турган мааракелик парадга катышат

Казакстандык аскерлер Москвада өтө турган мааракелик парадга катышат

Нур-Султан шаарында Куралдуу Күчтөрдүн жоокерлери Москвада өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган мааракелик парадга кызуу даярданууда. Жыл сайын Кызыл аянтта салтка айланган салтанаттуу иш-чара глобалдык пандемияга байланыштуу кийинкиге жылдырылганы белгилүү. Даңктуу ардагерлердин урматына таазим этүү  салтанатына казакстандык аскерлер Орусия тараптын атайын чакыруусу менен катышат.

Азыркы учурда аскерлердин үч курамы түзүлдү. Тактап айтканда, алардын экөө аба-десанттык кол салуу бөлүктөрүнүн курамынан, дагы бирөө Куралдуу Күчтөрдүн Аскер институтунун үчүнчү курсанттарынан түзүлдү.

«Быйыл Жеңиш күнүнө 75 жыл толду. Ушул себептен Орусиянын Коргоо министрлиги биздин аскерлерди Кызыл аянтта өтө турган парадга катышууга чакырды. Куралдуу күчтөрдүн үч тобу бар. Алар бардык санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берет. Күнүнө дене табы үч-төрт жолу өлчөнүп жана башка да көйгөйлөр чечилүүдө. Кызыл аянтта парадга катышып, мамлекетибизди көрсөтүү биз үчүн абдан маанилүү. Даярдыктар жакшы жүрүп жатат», – дейт Куралдуу Күчтөрдүн башкы кол башчысынын күжүрмөн даярдык боюнча орун басары Даулет Оспанов.

Аскер кызматчылары үчүн Улуу Жеңиштин урматына арналган парадга катышуу - бүгүнкү тынчтык күн үчүн душмандарга каршы күрөшкөн баатыр аталарга ыраазычылык билдирүү жана аларга урмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Катышуучулардын арасында аталары Улуу Ата Мекендик Согуш майданында жеңиш үчүн күрөшкөндөр жана Москвада өткөн биринчи Жеңиш Парадына катышкандар да бар.

«Мен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Балгимбаев Айдарбай Наурызбайулынын небересимин. Десанттык-чабуул коюучу  аскерлер арасындагы салтанатка катышуу үчүн тандоодон өтүп, Москвадагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катыша турганыма кубанычтамын», – дейт 35-гвардиялык десанттык-чабуулчу бригадасынын аскерий кызматчысы Серикбек Балгымбаев.

Даярдык карантиндик чараларды так сактоо менен жүргүзүлөт. Дезинфекция жана санитардык режим күчөтүлдү: жеке курам күнүнө эки жолудан медициналык кароодон өткөрүлүп жатат. Парадга катышкан аскер кызматчылары башка курамдардан бөлүнүп, аларга бейтааныш адамдар жана туугандарына барууга чектөө киргизилген.

 

Фото: 24.kz