NQZ – борбор аэропортунун жаңы коду

NQZ – борбор аэропортунун жаңы коду

Бүгүнтөн тарта Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортунун жаңы коду ишке кирди. Бардык брондоо системаларына, отургузуу талондоруна, багаж белгилерине жана маалымат такталарына жаңы NQZ коду киргизилди.

«N тамгасы Нур-Султан шаары жана Н. Назарбаев аэропортун, ал эми QZ Казакстандын жаңы алфавитиндеги суверендүү Qazaqstan атын билдирет. Башкача айтканда, жаңы коддун үч мааниси бар - жаңы аэропорт, жаңы борбор жана жалпы эл аралык аренада казак элинин жаңы алфавити. Аэропорттун кодун өзгөртүү 50 жылдын ичиндеги чоң жетишкендик, Авиация комитетинин эл аралык аренада жетишкендиги. Бардык казак элин, бардык жүргүнчүлөрдү куттуктайм. Бул ысым түбөлүккө берилсин. Ушул код менен биздин өлкөнүн аты эл аралык деңгээлде жаңы ийгиликтерге жетишип, бренд катары бекемделе берсин», - дейт  код автору Алтай Абибуллаев.

Нур-Султан аэропортунун үч тамгалык кодун өзгөртүү иштери 2014-жылдан бери жүргүзүлүп келет. IATA принциптерине карабастан, казак тарап өз максатына жетишти.

«IATAнын негизги талабы - аэропортторду туруктуу бир жолку код менен камсыз кылуу. Казакстандык авиакомпаниялар менен масштабдуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Нур-Султанга жүргүнчү ташуучу бардык авиакомпаниялар бул сунушту колдошту», - деди РКнын ИИДМ Жарандык авиация комитетинин төрагасы Талгат Ластаев аэропорттогу расмий тааныштырууда.

Бул өзгөртүүлөр 2019-жылдын тогуздун айында Варшава шаарында  IATAнын бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен жүргүнчүлөрдү ташуу стандарттарынын жыйынында колдоого алынган.

«Көп жылдар бою кодду өзгөртө албаган шаарлар бар. Ошондуктан, биз IATA резолюциясын толугу менен өзгөртүүнү сунуш кылдык. Атайын алгоритм боюнча арыз алгач IATA тарабынан каралат. Андан кийин уюмдун курамына кирген авиакомпаниялар карайт. Баары колдоп, макулдугун беришти. Чечим бир нече ай мурун жактырылып, маалымдама жөнөтүлдү. Ал эми бүгүн расмий түрдө киргизилди», - деди Талгат Ластаев.

Мындан тышкары, Казакстан Актау аэропорту - SCO (Шевченко), Атырау - GUW (Гурьев) жана Тараз - DMB (Джамбул) коддорун өзгөртүүнү мерчемдөөдө. Казакстандын Жарандык авиация комитетинин башчысы Талгат Ластаевдин айтымында, учурда алар эскирген жана шаарлардын азыркы аталышына дал келбейт.

 

Фото: m.ru.sputniknews.kz