Аида Балаева: Тармактык журналистиканы өнүктүрүү зарыл

Аида Балаева: Тармактык журналистиканы өнүктүрүү зарыл

Тармактык журналистиканы өнүктүрүү жана окутуу тутумун кайра карап чыгуу керек. Анткени өлкөдө экономика, медицина жана каржы сыяктуу татаал темаларды жаза алган квалификациялуу журналисттер жетишсиз. Бул тууралуу маалымат жана социалдык өнүгүү министри Аида Балаева ЖМКны өнүктүрүү боюнча тегерек столдо билдирди. Белгилүү бир тармакты чагылдырган журналисттердин саны аз болгондуктан маалымат толук берилбейт. Кадрлардын деңгээлин көтөрүү маанилүү. Министр бул көйгөйдү чечүү үчүн улуттук пландын алкагында түзүлө турган мультимедиалык билим берүү аянтчасынын ролун баса белгиледи. Анын ичинде жаш адистерге арналган гранттык программаларды өзгөчө белгилеп өттү. Аны иштеп чыгууга журналистика жана билим берүү тармагындагы алдыңкы серепчи-адистер тартылат. Ошондой эле, министр пандемия учурунда талыкпай иштеген журналисттерге ыраазычылык билдирди.

«Биз адамдарды гана эмес, коомду да тарбиялап жатабыз. Ошондуктан, эң негизгиси биздин материалдарда учурдагы маалымат менен катар, адамдын руханий дүйнөсүн жакшы нерселер менен толтуруу үчүн өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсүнө, ойдун өркүндөшүнө салым кошушубуз керек. Кыйынчылык мезгилде биздин журналисттер дарыгерлер, полиция кызматкерлери жана аскер кызматкерлери менен катар өздөрүнүн жарандык позицияларынан тайбай коркунучтун алдыңкы катмарында  жүрдү. Калкты так маалыматтар менен камсыздап жатты. Жашырганда эмне, журналисттер үчүн кошумча коопсуздук чаралары болбогондугуна карабастан, журналисттик коомчулук менен көптөгөн техникалык кызматкерлер өздөрүнүн милдеттерин так аткаруу менен эмгектеништи», - деди Маалымат жана социалдык коргоо министри.

Фото: informburo.kz