Алакөлдүн чыгыш жээгиндеги туристтик сезон туңгуякка кептелди

Алакөлдүн чыгыш жээгиндеги туристтик сезон туңгуякка кептелди

Алакөлдүн чыгыш жээгинде туристтердин агымы азайышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө бир катар эс алуучулар жолдомону артка кайтарып жатышат.

Тармак адистери жергиликтүү башкы санитардык кызматкер бекиткен дагы эки талап туризм индустриясын туңгуюкка алып келгенин айтышууда. Тактап айтканда, бир мезгилде эс алуучулардын саны жалпы долбоордук сыйымдуулуктун 50% ашпашы керек. Ошондой эле, эс алуу жайларына жайгашуу COVID-19 тууралуу мөөнөтү өтпөгөн аныктама болгон учурда гана кабыл алынат. Ал эми мындай катаал эрежелер башка аймактардагы туристтик жайларда талап кылынбайт. Мындай чечимдердин кесепетинен Чыгыш Жээктин туроператорлору атаандаштыкка жөндөмсүз болуп калгандарын айтышууда.

Казакстандын Туристтик Ассоциациясы кырдаалга көңүл буруп, Чыгыш Казакстан облусунун башкы санитардык дарыгерине айрым чектөөлөрдү алып салууну өтүнгөн кат жолдоду. Алардын айтымында, Казакстандын туристтик рыногу учурда өзүнүн тарыхындагы эң оор каатчылыкты башынан өткөрүп жатат. Жасалма чектөөлөрдүн пайда болушу узак мөөнөттүү экономикалык тоскоолдуктарга алып келет дешет адистер.

«Атаандаштык чөйрөсүнө туруштук берүүгө аракет кылып жатабыз. Чыгыш Казакстан туристтерге кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылып олтурат. Чөлкөмдүн Алакөл көлүнүн жээгинде бул сезон токтоп калбашы үчүн аймактын башчысы ишкерлердин үнүн угуп, туура чечим кабыл алышын каалайм. Коронавирус пандемиясы учурунда кошумча көйгөй жаратпай, коопсуздукту камсыздоо үчүн акылга сыярлык жолдорун издеп табуу абдан маанилүү», - дейт КТК мүдүрү  Рашида Шайкенова.

Алакөлдүн чыгыш жээгиндеги ШОБ өкүлдөрү аймактын башчысына кат жолдошту. 150дөн ашык ишкер кол койгон катта кийинки мезгилде боло турган туризм тармагынын түз чыгымдары камтылган. Бул инфраструктураны жана социалдык кызматтарды өнүктүрүүгө 6 миллиард теңге бөлгөн аймактын экономикасына терс таасирин тийгизери белгилүү.

«Туристтик сезондун башталышында пансионаттардын 80% жакыны брондолгон. Эми биз алдын-ала аныкталган 50% сыйымдуулукка кимдин кире турганын жана ким кирбей турганын кантип аныктайбыз? Алдын ала буйрутмадан түшкөн бардык каражаттар объекттерди сезондун ачылышына даярдоого жана кызматкерлер менен эс алуучулардын санитардык талаптарын сактоого жумшалды: штаттар көбөйтүлүп, тамак-аш сатылып алынды, логистикалык кызматтарга акы төлөндү. Жаңы чектөө чаралары жарыялангандан кийин тур сатып алган эс алуучулардын 90% мындай талаптар менен эс алууну каалабай тургандыктарын айтышып баш тартууда», - дейт эс алуу жайынын ээси Артём Вершинин.

Көптөгөн адамдар коронавирустун чектөөлөрүнөн улам туруктуу кирешесинен айрылды. COVID-19 жана ПЦР-анализдин жоктугу тууралуу күбөлүктү алуунун кымбаттыгы эс алуучулардын чөнтөгүнө дагы терс таасирин тийгизүүдө. Мындай күбөлүктү алуу үчүн бир адам бери дегенде 15 миң тенгеден ашык каражат сарптоого туура келүүдө.

«Көпчүлүгү дал ушул аныктаманы алгысы келбегендиктен баш тартып жатышат. Алакөлдөгү туристтик сезон кыска болгондуктан, эс алуучулар алдын-ала билеттерди алууну каалашат. Сезондун күчөгөн теке айында көптөгөн пансионаттар 100% сатылган. Бул акчанын жарымын кайтарууга туура келет. Өз тарабыбыздан биз милдеттемелерибизди аткарабыз, башкача айтканда тур үчүн алынган акчаны эс алуу жайларына которобуз», - дейт туроператор Мария Русина.

Алакөлдүн эки жээги бар. Оң жээкте маалымдама талап кылынбайт жана эс алуучулардын саны чектелбейт. Демек, туристтик агым Алматы облусуна туура келет. Анткени бул туристтер үчүн жеңил. Натыйжада, чыгыш Алакөлдүн дарамети начарлап, туристтердин агымы кескин кыскарат. Буга байланыштуу бизнес ээлери бүгүн кечинде райондук туризм башкармалыгынын адистери менен жолугушуп, көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулашат.

Фото: kaztag.kz