Желек, герб, гимн – элдин рухун, акылмандыгын жана бийик кыялдарын чагылдырган баалуу символдор

Желек, герб, гимн – элдин рухун, акылмандыгын жана бийик кыялдарын чагылдырган баалуу символдор

Туңгуч Президент - Эл Башы китепканасында мамлекеттик атрибуттар күнүнө арналган онлайн форматта тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага катышкан коомдук, өнөр кызматкерлери, жаштар уюмдарынын лидерлери, «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүлөрү өлкөнүн эгемендигин жана уникалдуулугун чагылдырган улуттук атрибуттардын мааниси жөнүндө айтып беришти.

Эл Башы китепканасынын мүдүрү Амирхан Рахымжанов мамлекеттик символдордун тарыхына кайрылды. Анын айтымында, символдор долбоорлорун түзүүгө 600дөн ашык адам катышкан. Мамлекеттик желектин эскиздери чагылдырылган чыгармачылык эмгектери берилген арыздардын саны 1200 түзгөн. Мындан тышкары, сынакка келечектеги гербдин 245 сүрөт долбоору менен 67 баяндоосу жана гимндин 750 версиясы сунушталган.

«Ошол учурда жаш суверендүү мамлекеттин саясий маанисин жана максаттарын так чагылдырган көркөм чечим кабыл алуу керек болду. Эл шайлаган өкүлдөр өз пикирлерин билдирип, көз караштарын тайманбастык менен коргоп, консенсуска негизделген чечимдердин кабыл алынышына олуттуу салым кошушту. Мамлекеттик символдор - элибиздин баатырдыгын жана акылмандыгын, алардын бийик кыялдарын чагылдырган баалуу белгилер болуп саналат», - деди саясий илимдердин доктору, профессор Амирхан Рахымжанов.

Казакстан Жаштар Конгрессинин аткаруучу мүдүрү Токтар Болысов мамлекеттик атрибуттарды урматтоо жаштардын патриоттуулугун жана көз карандысыз өлкөнүн баалуулуктарын жана жетишкендиктерин жайылтуу болуп саналарын белгилеп өттү. Бул жатта «Жаңыруу жолу» республикалык жаштар кыймылынын төрагасы, «Жарасым» жаштар уюмунун жетекчиси Тимур Жумырбаев да билдирди.

«Мамлекеттик символдор коомдук келишим менен улуттук биримдиктин маанилүү компоненти болуп саналат. Ар бир этнос өкүлү үчүн Казакстандын мамлекеттик атрибуттары  сыймыктануу менен урматтоонун символу болуп кала берет», - деп белгиледи Тимур Жумырбаев.

Жыйынга Казак улуттук агрардык университетинде окуган ооган студенттери видео байланыш аркылуу катышып, улуттук атрибуттарга болгон өз урматын билдиришти.

 

Фото: 24.kz