Касым-Жомарт Токаев: жаңы бийиктиктерге бирге жетебиз

Касым-Жомарт Токаев: жаңы бийиктиктерге бирге жетебиз

Казакстан Республикасынын Президенти казакстандыктарды Мамлекеттик символикалар күнү менен куттуктады.

«Мамлекеттик символикалар күнү куттуу болсун! Герб, желек, гимн эгемендүүлүктүн негизги баалуулуктарынын көрүнүшү, тынчтыктын, биримдиктин жана ынтымактын, гүлдөп өнүгүүнүн символу. Биз элибиздин кызыкчылыктарын коргогон күчтүү, беделдүү мамлекетти куруу жолунда чоң бийиктиктерге бирге жетебиз», - деп жазды Мамлекет башчысы өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

 

Фото: inbusiness.kz.ru