Кожо Ахмет Яссауи күмбөзү туристтерди кабыл ала баштайт

Кожо Ахмет Яссауи күмбөзү туристтерди кабыл ала баштайт

Түркестандагы Кожо Ахмет Яссауинин күмбөзү кулжа айынын 15нен тартып туристтерди кабыл ала баштайт. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген орто кылымдын архитектуралык шедеврин көрүү үчүн жыл сайын 1 миллионго жакын турист келет. Бул багыт казакстандыктар арасында да өзгөчө белгилүү.

Региондо туристтерди кабыл алуу үчүн аймактар​аралык өткөрүү пункттары алынып салынды. Эң негизгиси жергиликтүү тейлөө жайлары санитардык нормаларды так сактоо менен иш алып барууга тийиш.

«Санаторийлерге жана курорттук эс алуу жайларынын бардыгына уруксат берилген. Бирок санитардык-эпидемиологиялык нормаларды так сактоо менен гана. Аралык, беткап тагынуу, антисептик колдонуу эрежелери, дезинфекциялоо - ушул чаралардын бардыгы милдеттүү түрдө сакталат. Ага биз мониторинг жүргүзүп турабыз», - дейт облусттук товарлар менен тейлөө кызматтарынын сапаты жана коопсуздугун камсыздоо департаментинин башчысы Нурбек Нышанов.

Борбордук Азиядагы байыркы шаарлардын бири болгон Түркестан аймактык туризмдин ири борборуна айланган. Мамлекеттик колдоонун жана жеке инвестициялардын эсебинен акыркы жылдары Казакстандын түндүгүндө заманбап туризм тутуму калыптанып, беш жылдыздуу мейманканалар курулууда, социалдык жана маданий инфраструктура өнүгүүдө. Шаарда эл аралык аэропорттун, түрк элдеринин музейинин, казак хандары жана баатырлары борбору, Жаштар сарайы, Кожо Ахмед Яссауинин кичи музейинин курулушу жүрүп жатат.

2025-жылга чейин туристтердин санын беш миллионго чейин жеткирүү мерчемделүүдө.

 

Фото:qazir.kz