Казакстанда «Эл Башы Медалы» долбоору башталды

Казакстанда «Эл Башы Медалы» долбоору башталды

Жаңы программанын ишке кошулганы тууралуу «Эл Башы Академиясы» корпоративдик фондунун жетекчисинин орун басары Ануар Жангозин Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, долбоордун негизги максаты - өлкөнүн бардык аймактарындагы таланттуу улан-кыздарды издөө, алардын жоопкерчилик, тырышчаактык, максатка жетүү сыяктуу сапаттарын тарбиялоо.

Программа РКнын Туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин «El Umiti» демилгеси алкагында иштелип чыкты.

«Эл Башы Медалы» - долбоордун талаптарын ийгиликтүү аткарган патриоттуулук жана жигердүү жарандык принциби бар жеңүүчүлөргө бериле турган өзгөчө белги. Катышуучулар өз өнөрлөрүн жети багытта: спорт, көркөм өнөр, окуу, саякат, улуттук мурас, ыктыярдуулук жана иш тажрыйбасы аркылуу өркүндөтө алышат.

Челлендж форматындагы программа өлкөнүн бардык аймактарындагы 14 жаштан 29 жашка чейинки өспүрүмдөргө жана жаштарга арналган. Катышуучулар үч деңгээлдин бирин тандап алышы керек. Алтын деңгээли 18 айга чейин созулат жана 16 жаштан жогору жаштарга арналат. Күмүш деңгээлинин узактыгы - 12 ай, жаш курагы 15 жаштан жогору, Коло деңгээли - 6 айга созулат жана 14 жаштан жогору катышуучуларга арналат.

Программага катышуу үчүн me.fpp.kz. сайтынан каттоодон өтүү керек. Кошумча маалымат алуу үчүн 7170 номери менен сall-борбору иштейт. Чалуу акысыз.

 

Фото: e-history.kz