2020-жылы 1 миллиондон ашык адамды жумуш менен камсыз кылуу көздөлүүдө

2020-жылы 1 миллиондон ашык адамды жумуш менен камсыз кылуу көздөлүүдө

Пандемия учурунда 4 миллиондон ашык казакстандык жумушсуз калды. Булар негизинен өзгөчө кырдаалга байланыштуу жалган куран-чын куран айларында кирешесинен кол жууган жарандар. Чын курандын 20нан бери карантин жеңилдетилгенине байланыштуу бугу айында бул көрсөткүч 1 миллион кишиге чейин төмөндөгөн. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Эмгек жана социалдык коргоо министри Биржан Нурымбетов билдирди. Анын айтымында, алдыдагы теке айында эмгек рыногунда катталган бул оор кырдаал турукташат. Жыл аягына чейин өлкөдө болжолдонгон жумушсуздуктун деңгээли 6,1%га жетиши мүмкүн.

«Жалпысынан быйыл бизде 1 миллион 220 миң адамды жумушка тартууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн бардык мамлекеттик программалардын чегинде көптөгөн жумушчу орундарын сактап калуу жана жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча экономикалык жана бизнести колдоо боюнча чаралардын дарамети толук пайдаланылат. Жаңы жумушчу жол картасынын алкагында 255 миң жумуш оруну түзүлөт. Бүгүнкү күнгө чейин Жол картасына киргизилген 6,5 миң долбоордун 5300 ишке киргизилип, 103 миң жумушчу орунга 91 миң адам тартылды. Алардын 35% жаштар», – деди Биржан Нурымбетов.

Ошол эле учурда, «Эмгек»  мамлекеттик программасына чоң ишеним артылып жатат. Бүгүнкү күндө 2017-2021-жылдарга карата программанын алкагында 184 миң адам жумуш менен камсыз болду. Алардын 99 миңи туруктуу түрдө киреше табуу булагы менен камсыздалды.

«2020-жылы «Эмгек» мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн 176 миллиард теңге каралган, анын ичинен 71,5 миллиард теңге микрокредиттер жана гранттар, 32,6 миллиард теңге окутууга, 71,9 миллиард теңге субсидияланган жумуш орундарына жумушка орноштурууга жана жумушчу күчү жетишпеген аймактарга көчүүгө арналган субсидияларга багытталат», - дейт Биржан Нурымбетов.

Ошондой эле, ал программа алкагында 8 миң АЕК чейинки жеңилдетилген насыяларды, 5 жылдан 7 жылга жылдык пайыздык үстөгү 6% жана 200 АЕК чейинки кайтарымсыз гранттар бериле турганын билдирди.

«Мамлекеттик программа жумушсуздарга, айрыкча жаштарга эмгек рыногунда өз ордун табууга жардам берүү үчүн кесиптик билим берүүнүн бир нече түрүн сунуш кылат. Коронавируска байланыштуу чектөөлөр боюнча окутуу курстары жаңы гана башталып жатат. Жыл аягына чейин 100 миңден ашык жумушсуз адам жаңы кесиптерди жана көндүмдөрдү үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот», - деп кошумчалады Биржан Нурымбетов.

Фото: elarna.net