Өлкө аймагында блок-посттор алынууда

Өлкө аймагында блок-посттор алынууда

Бүгүн түнкү саат 12де эки айдан ашык убакыттан бери региондорду бири-биринен бөлүп турган тоскоолдуктар алынып салынды. Эске салсак, Нур-Султан жана Алматыдагы өткөрүү пункттары жалган куран айынын 19да жабылган.

Жалпысынан өлкө аймагында 400гө жакын өткөрүү бекети иштейт. 78 күн ичинде бул өткөрүү пункттарында 3,2 миллиондон ашык унаа жана 5 миллион жүргүнчү текшерилген. Алардын бардыгы атайын электрондук маалыматтар базасы аркылуу текшерилген. Азык-түлүк ташыган  транспорттордун бардыгы жашыл коридор аркылуу өттү.

Карантин учурунда 52 миңден ашуун полиция кызматкери жана медициналык кызматкерлер күнү-түнү кезек-кезеги менен иштешти. Мындан тышкары, алар карантинге алынган объекттерди коргоого тартылган. Улуттук гвардиянын жоокерлери коомдук жайларда тартипти көзөмөлдөп турушту.

«Оңой болгон жок. Жумуш күнү-түнү жасалды. Көпчүлүгү үйлөрүнө барбай күзөттө болушту. Айрым жарандар коопсуздук эрежелерин сактабай, оор учурларда түшүнүү менен мамиле кылышкан жок. Мунун баары нервге доо кетирди. Бирок биздин кызматкерлер өлкө жетекчилиги тарабынан жүктөлгөн тапшырмаларды 78 күндүн ичинде кынтыксыз аткарышты», - дейт ИИМ башчысы Ерлан Тургынбаев.

Белгилей кетсек, өткөрүү пункттары алынып салынганына карабастан, жүргүнчүлөрдү ташыган шаарлар аралык автобустар кулжа айынын 5нен тарта иштей баштайт.

«Чектөөлөрдүн алынып салынышы жалпы өлкө боюнча  аймактардагы кооптуу илдетке чалдыгуу көрсөткүчтөрүнүн тең келгенин билдирет. Ошондуктан мындан ары чектөө коюунун кажети жок», - дейт Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов.

Жүргүнчүлөр санитардык эрежелерди сактоого тийиш. Шаар аралык каттам калыбына келгени менен айрым региондордо карантин талаптары катуу сакталууда. Аймактагы кырдаалга жараша санитардык дарыгер тиешелүү чечим кабыл алат.

«Жүргүнчүлөр автобуска беткап кийип кирүүлөрү керек. Каттамдын аягында транспорт толугу менен дезинфекцияланат»,- дейт РКнын ИИДМ транспорт комитети төрагасынын орун басары Жанибек Тайжанов.

 

Фото: Ratel.kz