Бугу айынын 31 – саясий репрессия курмандыктарын эскерүү күнү

Бугу айынын 31 – саясий репрессия курмандыктарын эскерүү күнү

Тарыхтагы бул кайгылуу күн Казакстандын Туңгуч  Президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен 1997-жылдан бери белгиленип келет. Мамлекет Эгемендикти алгандан кийин 1993-жылы «Массалык саясий репрессиялардын курмандыктарын актоо тууралуу» мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, репрессиянын курмандыгы болгон 340 миңден ашык адам акталды. Эгемендүү өлкөдө 146 миңден ашык күнөөсүз айып тагылган казактардын ысымы жазылган 14 «Аза күтүү китеби» жарык көрдү. Саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликтер жана мемориалдык комплекстер ачылды. Ошол оор мезгилден кабар берген экспонаттар коллекциясы жыйналган музейлер түзүлдү.

Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим комитетинин Мамлекеттик тарых институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Канат Енсенов каналга берген маегинде узак мезгилдерден бери созулган саясий репрессияны үч негизги этапка бөлөт. Алар - жамаатташтыруу жана конфискациялоо (1928-1930), казак талаасында ачарчылык (1931-1933), саясий репрессиялар (1937-1938).

Жамаатташтыруу жана конфискациялоо (1928-1930 жж.)

Репрессиялык саясат Казак ССРнин, Борбордук Аткаруу Комитети менен Эл Комиссарлар Советинин 1928-жылдын Баш оона айынын 27деги «Бай чарбачылыктарды конфискациялоо» жөнүндө токтому менен башталган.

«Ушул жарлыктын натыйжасында жети жүзгө жакын ири чарбалар талкаланып, алардын ээлери жер которуп, көпчүлүгү кийинчерээк эл душманы катары атылып же соттолуп кетти. Акыр-аягы бул саясат колхозчулук мезгилинде да улантылып, репрессияга орто чарбалар менен байлар массалык түрдө учурай баштаган. Буга көптөгөн архивдик маалыматтар далил. Ал эми эли азайып калган казак талаасына Советтер Союзунун булуң-бурчунан адамдарды мажбурлап көчүрүп келүү боюнча катуу саясат жүргүзүлгөн», - дейт тарых илимдеринин кандидаты Канат Енсенов.

Ошентип, Казакстанга 800 миң немис, 102 миң поляк, 19 миң корей, 507 миң Түндүк Кавказ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү көчүрүлгөн. Ошондой эле, крым татарлары, түрктөр, гректер, калмактар​жана башка улуттар дагы казак жерине күч менен көчүрүлгөн. Жалпысынан өлкөгө 1,5 миллион адам алып келинген.

Казак талаасындагы ачарчылык (1931-1933 жж.)

Советтер Союзундагы 1932-1933-жылдардагы ачарчылык адамзат тарыхындагы эң кайгылуу мезгилдердин бири болгон. Ошол маалда Казакстанда эле эмес, Орусия, Украина жана Беларусь жерлерин каптаган алаамат ачарчылык 7 миллион кишинин өмүрүн алып кеткен.

«Мунун баары демографиялык кырдаалга таасирин тийгизип, а түгүл апааттуу учурларга алып келген. Казакстанда, айрыкча, салттуу коому бузулган казак эли мындай өнөктүктөн катуу кыйналды. 1931-1933-жылдардагы ачарчылык маалында казактар ​​Кытай, Өзбекстан, Кыргызстан жана Орусия сыяктуу чет өлкөлөргө көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Казакстандагы ачарчылык курмандыктарынын саны 2 миллион 200 миң адамды түздү. Анын ичинен 1 миллион 700 миңи казактар болгон», - дейт тарыхчы.

Саясий куугунтуктоо (1937-1938 жж.)

Расмий маалыматтар боюнча, Казакстанда 103 миңден ашык адам куугунтукталган. 25 миңден ашык адам өлүм жазасына тартылган. Алардын арасында илимпоздор, маданий жана саясий ишмерлер, дарыгерлер да болгон.

«1937-1938-жылдары Советтер Союзунун репрессиялык саясаты жана анын натыйжасында эл душмандарын жазалоо чаралары казак элине өз залакасын тийгизди. Алгач Алаш активисттери туткундалды. Аларга улутчул деген айып тагылды. Натыйжада Алихан Бөкейханов, Ахмет Байтурсынов, Бейимбет Майлин, Магжан Жумабаев, Турар Рыскулов, Абдулла Розыбакиев, Мухамеджан Тынышбаев, Ильяс Жансугуров жана башка интеллигенттер өлүм жазасына тартылды», - дейт Мамлекеттик тарых институтунун жетекчи илимий кызматкери Канат Енсенов.

Казак жериндеги лагерлер

Катаал саясаттын кесепетинен респрессияга учурагандардын өздөрү эле эмес, алардын жакындары дагы жабыр тартышкан. Жалпысынан Советтер Союзунда 60 лагерь болгон, алардын 20га жакыны Казакстанда жайгашкан. Эң чоңу  1937-жылы Акмоланын жанындагы Тонкерис калктуу-конушунда курулган - АЛЖИР лагери. Бул жерде мекенге чыккынчылык кылгандардын аялдары камалган. Мында бир убакта эле 8000ге жакын аял отурган.

Янина Германович - боштондукту көрүү бакыты буюрган АЛЖИР туткундарынын бири. Эл душманы деп атуу жазасына кесилген Беларусь акыны Тодор Кляшторныйдын жубайы сегиз жылга эркинен ажыратылып, 1938-жылы 4 айлык наристеси менен Акмола лагерине жөнөтүлгөн. Анын кызы Майя Тодоровна лагердин жанындагы бала бакчага барганы азыркыга чейин эсинде. Учурда лагердин ордунда саясий репрессия курмандыктарына арналган «АЛЖИР» мемориалдык-музей комплекси жайгашкан. Майя Тодоровна эстелик комплексине лагерде жамынган жууркан жана саймаланган белге таккан курун тапшырды.

«Бул жууркандын да өз тарыхы бар. Апам экөөбүз ушул жууркан менен Казакстанга, Сибирге жана Беларуска чейин бардык. Кийинчерээк биз өлкөгө кайтып келгенде жашообуз жакшыра баштады, бирок мен бул жуурканды таштабай, аны көздүн карегиндей сактадым», - дейт ал.

Бүгүнкү күндө "АЛЖИР" музейинин фондунда 17 миңге жакын экспонат бар. Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Беларусь, Израиль, Грузияга болгон илимий иш сапарлары учурунда чогултулган материалдардын ичинде архивдик документтер менен фото-сүрөттөр, АЛЖИР туткундарынын балдарына жазган каттары, балдардын жазган эскерүүлөрү бар.

«Музей аудиогид тутуму менен жабдылган. Казак, орус жана англис тилдеринде экскурсия жүргүзүлүп, виртуалдуу турлар өткөрүлдү. Ошондой эле, даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Сенсордук башкаруу панели бар 4 мультимедиалык экрандын жардамы менен лагерде камалгандар жана алардын үй-бүлөлөрү жөнүндө маалымат менен танышууга болот. Музейдин www.museum-alzhir.kz веб-сайты да иштейт», - дейт  «АЛЖИР» мемориалдык - музей комплексинин мүдүрү Самат Тергембаев.

Бул постсоветтик Советтер Союзундагы репрессиянын курмандыктарына арналган уникалдуу эстелик 1997-жылы «Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү жөнүндө» жарлыгынын 10 жылдыгына жана массалык репрессиялардын башталышынын 70 жылдыгына карата ачылды.

 

Фото: m.azh.kz