Кулжа айынын биринен баштап Казакстандын шаарлары ортосундагы блок-посттор алынат

Кулжа айынын биринен баштап Казакстандын шаарлары ортосундагы блок-посттор алынат

Кулжа айынын биринен баштап блок-посттор алынып, бешинен тарта шаарлар аралык автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу брифингде Казакстандын ИИДМ Транспорт комитети төрагасынын орун басары Жанибек Тайжанов билдирди.

Учурда өлкөдө 313 шаар аралык коомдук транспорт бар. Бул багытта жеткирүүчү 888 компания иш алып барат.

Башкы санитардык дарыгердин буйругунун негизинде жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежелери иштелип чыкты. Буга байланыштуу каттамдын акыркы пункттарында автобустарды дезинфекциялоо, унаага медициналык беткап кийгендерди гана отургузуу жана башка коопсуздук талаптары киргизилди. Адамдар арасында кеминде бир метр аралык сакталышы керек. Айдоочулар беткап, колкаптар менен камсыз болушу шарт. Ошондой эле, ал эки жумада бир жолу коронавируска тест тапшырып турат. Бекетке кирген ар бир адамдын дене табы өлчөнөт.

«Өз кезегинде акиматтар коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп, бир катар чараларды жүргүзөт», - дейт Жанибек Тайжанов .

Бул талаптар кулжа айынан баштап жандана турган темир жол транспорттук кызматына түздөн-түз тиешелүү болот. «KTZ» ААК башчысынын биринчи орун басары Канат Алмагамбетовдун айтымында, жалпы эрежелер менен кошо, поезддерде ресторан-вагондор иштебейт. Ошондой эле, вагондордун ортосунда жүрүүгө тыюу салынат. Жүргүнчүлөр өз орундарында гана отурушу шарт, алар эч жакка чыкпайт. Мунун бардыгын поезд коштоочулар көзөмөлдөп турушат.

«Анын аймагында бекеттер жана тамактануучу жайлар санитардык адистердин уруксаты менен гана ачылат. Ошондой эле, жүргүнчүлөр агымынын көбөйүшүнө байланыштуу темир жол вагондоруна 20га чейин  туташтырылышы мүмкүн. Эгер бул жетишсиз болсо, буга чейин эл аралык каттамдарда иштеген поезддер кошулат», - дейт Канат Алмаганбетов.

 

Фото: vlast.kz