Эл Башы китепканасы репрессия курмандыктарын эскерүү күнүнө карата видео-көргөзмө сунуштайт

Эл Башы китепканасы репрессия курмандыктарын эскерүү күнүнө карата видео-көргөзмө сунуштайт

«Келечек үчүн эскерүүлөр». Эл башы китепканасы ушундай аталышта саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнүнө арналган көргөзмө даярдады. Репрессиялык саясаттын кесепеттерин уюмдун расмий сайтынан виртуалдуу көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Эл Башы китепканасынын музей коллекциясындагы экспонаттардын көргөзмөсү биринчи жолу видео түрүндө даярдалды. Көрүүчүлөрдүн назарына Казакстандын Туңгуч Президенти Н.А.Назарбаевдин жеке архивинен алынган архивдик документтер, фото жана видео хроникалар, ошондой эле, советтик тоталитардык системанын курмандыктары жөнүндөгү чыныгы фактыларды калыбына келтирүүгө жана тарыхый эстеликтерди сактоого багытталган Казакстандын мамлекеттик саясаты жөнүндө китептердин тематикалык жыйнагы сунушталат.

«Келечек үчүн эскерүүлөр» виртуалдык видео көргөзмөнүн материалдарын бугу айынын 31 баштап presidentlibrary.kz сайтынын Музей → Виртуалдык көргөзмө бөлүмүнөн тапсаңыз болот.

 

Фото: presidentlibrary.kz