КЭА балдарды коргоо күнүнө карата сүрөт сынагын жарыялады

КЭА балдарды коргоо күнүнө карата сүрөт сынагын жарыялады

Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнүн алдында Нур-Султандагы Казакстан Элдеринин Ассамблеясы борбор шаардын мектеп окуучуларынын арасында «Дүйнө балдардын көзү менен» аттуу сүрөт сынагын жарыялады.

Сынактын талаптарына ылайык, катышуучулар инстаграм социалдык желесине сүрөт жүктөп, маалыматтын астына баланын атын жана жашын жазып, #кулжаайынын1КЭА хештеги менен белгилеши керек.

«Жаш курак категориялары боюнча биз сынактын 3 мыктысын тандап финалга өткөрөбүз. Ал жерде биздин окурмандар добуш берүү аркылуу негизги жеңүүчүлөрдү аныктайт. Жеңүүчүлөрдүн саны үчөө болот. Алар борбор шаардык Казакстан Элдер Ассамблеясы атынан баалуу белектерге ээ болушат», - деп айтылат маалыматта.

Сынактын жыйынтыгы кулжа айынын 1де жарыяланат.

 

Фото: belta.by