Казакстанда ыктыярчыларды колдоо борборлору ачылды

Казакстанда ыктыярчыларды колдоо борборлору ачылды

Айлана-чөйрөнү коргойлу. Бул «Birgemiz: Taza Álem» жалпы улуттук долбоорунун башкы максаты. Ал ыктыярчылар жылы алкагында ишке ашырылып жаткандыгын Жарандык демилгелерди колдоо борборунун басма сөз кызматы билдирди.

«Долбоорду ишке ашырууга 55 миллион 693 миң теңге бөлүнгөн. Анын максаты - жарандарды айлана-чөйрөнү коргоо, дарыяларды жана токойлорду тазалоо тармагында ыктыярчылык кызматына тартуу, бак-дарактарды отургузуу жана таштандыларды сорттоого үйрөтүү, экологиялык волонтёрдук кыймылы менен өз ара аракеттешүү болуп саналат», - деп айтылат басма сөз кызматынын маалымдоосунда.

Долбоордун аркасында өлкө жарандардын экологиялык демилгелерди ишке ашырууга катышуусун кеңейтүүнү көздөп жатат; 1000ге жакын жаранды жана ыктыярчыны тартып, аларды окутуу; айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларга катышкан ыктыярдуу ҮЭҮларды жана демилгелүү топторду жандандыруу; жаштар арасында эко-ыктыярчылыкты кеңири жайылтуу.

«Жарандарды айлана-чөйрөнү коргоого, дарыяларды жана токойлорду таза сактоого, бак-дарактарды отургузууга, таштандыларды сорттоого үйрөттүү максатында 3 облуста кызыктар уюмдар жана түрдүү эко-кыймылдар менен кызматташтык тууралуу меморандум долбоору иштелип чыкты. Костанай, Батыш Казакстан жана Алматы облустарынын жаштар ресурстук борборлорунда ыктыярчыларды колдоо борборлору ачылды», - дешет уюм өкүлдөрү.

Ошондой эле, долбоор алкагында жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу максатында Эл аралык Жер күнүнүн 50 жылдыгына арналган онлайн-акция өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай онлайн вебинарлар, мастер-класстар, викториналар, лотереялар жана экоквесттер уюштурулду.

 

Фото: zakon.kz