Окуу жылы аяктап, окуучулар эс алууга тарады

Окуу жылы аяктап, окуучулар эс алууга тарады

Казакстандын мектептеринде кезектеги окуу жылы аяктады. Окуучулар билим берүү тутумунда алгачкы ирет коронавирус илдетине байланыштуу акыркы чейректи толугу менен аралыктан окуду. Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу аземине арналган бардык иш-чараларды уюштурууга тыюу салынды. 1-10-класстын окуучулары үчүн акыркы коңгуроо онлайн режимде өттү. Салтанаттуу иш-чарага болсо 11-класстын окуучулары гана катыша алышат.

Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктады. Бул жолу ал пандемиянын кесепетинен улам  видео куттуктоо жолдоду.

«Бардыгыбыз үчүн бугу айынын 25 өзгөчө өтүп жатат. Дүйнөлүк пандемия биздин күнүмдүк жашообузду түп тамырынан бери өзгөрттү. Быйылкы окуу жылында 4 миллиондон ашык окуучу жана студент аралыктан окутууга өтөт деп ойлойм. Кыска убакыттын ичинде баарыңар ишти туура уюштура билдиңиздер. Бул мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин биргелешкен аракетинин натыйжасы деп эсептейм», - деди Асхат Аймагамбетов видео куттуктоосунда.

Министр аралыктан окутуунун форматы Казакстандагы билим берүү тармагында биринчи жолу болуп жаткандыгын белгиледи. Асхат Аймагамбетов 2020-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө өзүнчө токтолду. Министр бүтүрүүчүлөрдү коркпостон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга үндөдү. Жалпысынан быйыл 150 миңден ашуун бүтүрүүчү республиканын мектептерин аяктады.

«Кадам таштагандан артка кайтпоо өтө маанилүү экендигин билем.  Конкреттүү кадам таштап, оюңуздагыны ишке ашыруу керек. Мисалы, мен мектепти бүткөндөн кийин бир нече жыл грант ала алган жокмун. Андан уялуунун кереги жок. Менин алдымда эки тандоо болду: биринчиси - акы төлөп окуу, экинчиси - бир жыл даярданып, кийинки УБТга кайрадан тапшыруу. Анан бир жыл даярданып, кайрадан тест тапшырууну чечтим. Бир жыл тынбай аракет кылып, кийинки жылы кыялданган грантка ээ болдум», - дейт министр.

Бүтүрүүчүлөр жайынтыктоочу экзаменди тапшырбайт, аттестатка жылдын аягындагы баа коюлат. Министр белгилегендей, УБТ бүтүрүүчүлөрдүн жашоосундагы эң жеңил экзамендердин бири болот. Ошондой эле, ал бүтүрүүчүлөрдү ката кетирүүдөн коркпостон, андан сабак алууга чакырып өттү.

«Бала кезибизден эле ката кетирүү кечирилгис экендигине ынанып келгенбиз. Мектеп босогосунан баштап ката кетирбөө биздин оюбузга сиңип калды. Ийгиликтүү адам эч качан ката кетирбейт деген сөз туура эмес түшүнүк экенин айткым келет. Баары ката кетиришет, эң негизгиси - андан сабак алып, тажрыйба топтоо. Ката кетирип, баарын кайрадан баштагандан эч качан коркпош керек», - деп кеңеш берди мекеме башчысы.

Бүтүрүү кечеси жана акыркы коңгуроо кулжа айынын 3-4 мерчемделген. Окуу мекемелеринин администрациясы иш-чараны мектептин короосунда уюштурат. Улуттук бирдиктүү тестирлөө адаттагыдай эле кулжа айынын аягында жана теке айынын башында өткөрүлөт.

 

Фото: qazradio.fm