Улуу Абайдын 175 жылдыгы Кыргызстанда масштабдуу белгиленет

Улуу Абайдын 175 жылдыгы Кыргызстанда масштабдуу белгиленет

Бишкекте кыргыз тилинде "Абай" китебинин бет ачары болду. Салтанаттуу азем Эл аралык Түрк академиясы уюштурган онлайн-конференция жүрүшүндө өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов сөз сүйлөп, Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракесине карата Кыргызстанда бир нече иш-чара мерчемделгенин маалымдады.

Анын айтымында, бугу айынын 27 "Абай Кунанбай уулунун адабий жана рухий мурасынын баалуулугу" аттуу онлайн конференция өтөт. Ага бир нече мамлекеттин окумуштуулары катышат. Мындан тышкары, Казакстан элчилигинин, Кыргызстандагы казактар ​​ассоциациясынын жана Маданият министрлигинин колдоосу менен Бишкекте Абай борбору ачылат. Ал эми А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада онлайн китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Белгилей кетсек, Эл аралык Түрк Академиясы тарабынан уюштурулган конференцияга Эл аралык Түрк Академиясынын Президенти Дархан Кыдырали, ЮНЕСКОнун Азия жана Тынч океан аймагынын башчысы Андрей Шевелев, Кыргызстан, Азербайжан, Башкортостан, Казакстан, Венгрия, Монголия, Өзбекстан, Татарстан жана Түркия мамлекеттеринин белгилүү түрколог окумуштуулары катышты.

 

Фото: inform.kz