Кадыр түндө өлкөнүн мечиттериндеги иш-чаралар онлайн көрсөтүлөт

Кадыр түндө өлкөнүн мечиттериндеги иш-чаралар онлайн көрсөтүлөт

Айлардын султаны – Рамазан айы, күндөрдүн кадырлуусу жума болсо, түндөрдүн касиеттүүсү - Кадыр түн болуп саналат. Быйыл Кадыр түн кечеси бугу айынын 19нан 20на караган түнү тосулат. Дүйнөдөгү жалпы мусулман жамааты сообу миң айга тете бул түндү Кудайга сыйынуу менен өткөрөт.

«Кадыр түндүн башкы өзгөчөлүгү - Курандын жерге түшүүсүндө. Ошол себептен бул түндүн сообу менен берекеси көп. Бул түнү күнөөлөр кечирилет. Касиеттүү түндүн дагы бир өзгөчөлүгү - бул анын берекесинде. Алла Таала бул түндүн ар  бир көз ирмемине береке берген. Биз ойлобогон, күтпөгөн берекени ыроолоп койгон. Бул түндүн убактысы берекелүү. Кадыр түндөгү 1 секунд 23 саат ибадат кылгандын сообу бар. 1 мүнөт ибадат кылсаңыз - 58 күн бою кулчулук кылгандын сообун аласыз. Ал эми 1 саат сыйынсаңыз 9 жыл 8 ай жакшы амал жасагандын сообун аласыз. Бир түндө кулчулук кылсаңыз - 83 жыл 4 айдын сообу берилет. Башкача айтканда, бул түндүн миң айдан да артык болушунун себеби ушунда», - дейт «Азирети Султан» мечитинин башкы имамы Ерболат Жусупов.

Дин тутуучулардын пикирине караганда, бул түндү мечитте өткөргөн жакшыраак. Анткени мечитте көп-көп ибадат кылып, имамдар насаат айтышат. Деген менен өлкөдө COVID-19 инфекциясынын жайылып жатышына байланыштуу Казакстан мусулмандар дин башкармалыгы элге кайрылуу жасады. Анда дин башкармалык мусулман коомун быйылкы Кадыр түн кечесин үйдөн тосууга чакырган.

«Учурда илдеттин кооптуулугу азырынча басаңдай элек. Ошондуктан оорунун мындан ары өрчүп кетпөөсүнө ар бир мусулман салымын кошуусу зарыл. Сактык чарасына жоопкерчилик менен кароо керек», -  дейт «Азирети Султан» мечитинин баш имамы.

Айта кетсек, Кадыр түнү кечинде КМДБ Куран хатым дубасын, насаат жана пайдалуу сабактарды онлайн режимде өткөрөт. Үйдө отуруп онлайн режимде тилек кылып, баян тыңдоого толук мүмкүнчүлүк бар.

 

Фото: islamdag.ru