Казакстандыктар санитардык нормаларды сактабаса карантин талаптары кайрадан күчөтүлөт

Казакстандыктар санитардык нормаларды сактабаса карантин талаптары кайрадан күчөтүлөт

Бүгүнкү күндө өлкөдө көптөгөн жумуш орундары, анын ичинде ресторандар жана кафелер, мейманканалар, мечиттер сыяктуу коомдук жайлар эшигин ачты. Жашоонун жандануусу калкка жаңы дем бергени менен коронавирустун өлкөдө жайылуусу басаңдачудай эмес. Өткөн дем алыш күндөрү COVID-19 инфекциясынын 5,2% га чейин өсүшү тиешелүү мекемелерге калкты кайрадан эскертүүгө түрттү. Маселен, Нур-Султан шаарында карантин талаптары күчөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көзөмөлдөө комитетинин борбордук бөлүмүнүн башчысы Зекен Исаков билдирди. Адис өз сөзүндө шаар тургундарынын санитардык талаптарды сактоодо кайдыгерлик мамиле кылып жатканын сынга алды.

«Көптөгөн тургундар беткап кийүү эрежелерин бузуп жатканын көрүп жатабыз. Коронавирустук эпидемия башталгандан бери беткап кийүү маанилүү деп айтып келе жатабыз. Андан тышкары, жакында бул ооруга чалдыккандардын саны дагы өсүп кетти. Жөнөкөй эле унаа токтотуучу, коомдук жайлардын жашоочулары да беткап кийип жүрүү режимин сактабай эле. Ал талапты сактабоо мурунку абалга алып келиши мүмкүн. Бирок анда Нур-Султандагы карантин режимин кайрадан киргизүүгө мажбур болобуз», - деди Зекен Исаков.

Борбор калаа тарабынан санитардык талаптарды сактабоо коомдук транспорттун кайрадан токтолушуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу City Transport Systems кызматкери Оксана Лоскутова билдирди. Ал коронавирус жуктуруп алуу коркунучу дале жогору экендигин айтып, тургундарды беткап кийип жүрүүгө чакырды.

Атырау облусунун башкы мамлекеттик санитардык дарыгери дагы өзүнүн терс божомолу менен бөлүшүп, коңгуроо какты.

«Эгерде катуу карантиндик чаралар көрүлбөсө, бугу айынын 31де коронавирусту жуктурган адамдардын саны 2000ден ашуусу мүмкүн. Ошол себептен чектөө чараларын кайрадан киргизүүгө туура келет», - дейт Темирбек Мусагалиев.

Адистердин айтымында, өзүн-өзү изоляциялоо жана санитардык эрежелерди сактоо гана оптимисттик божомол үчүн негиз болот. Башкача айтканда, эгерде аймакта санитардык талаптар сакталып, калк жоопкерчиликтүү мамиле кылса, анда илдетке чалдыккандардын саны 800дөн ашпоосу мүмкүн.

 

Фото: foodrussia.net