Эл Башы китепканасынын ІV «Абай окуулары» башталды

Эл Башы китепканасынын ІV «Абай окуулары» башталды

Эл Башы китепканасынын ІV «Абай окуулары» башталды. Бул - салтка айланган жылдык адабий эстафета. Аны менен бирге, быйыл улуу казак акыны, композитор, агартуучу жана ойчул Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына арналып жатат. Баш оона айынын 20на чейин созула турган иш-чаранын максаты - "Руханий жаңыруу" программасына жана  Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Абайдын 175 жылдык мааракесин белгилөө боюнча демилгесине маалыматтык-иммидждик колдоо көрсөтүү, деп айтылат китепкананын билдирүүсүндө.

Адабий марафонго катышуу үчүн Абайдын чыгармаларын көркөм окуп, видеого тартып, эстафетаны уланта турган адамды белгилөө керек. Андан кийин социалдык тармактардын бирине:

#ЕлбасыКітапханасыАбай, #АбайдыОқимыз175 же #БиблиотекаЕлбасыАбай, #читаемАбая175 хештегдери менен жарыялоо керек.

Уюштуруучулардын айтымында, адабий эстафета Абайдын адабий мурасын кеңири жайылтууга, казакстандык жаштар арасында окуу маданиятын жана адабий кызыгуунун калыптанышына өбөлгө түзөт.

 

Фото: presidentlibrary.kz