Казакстанда бүтүрүү кечеси болбойт

Казакстанда бүтүрүү кечеси болбойт

Он бир жыл бою бирге окуган мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн «Алтын уя» менен коштошуу кечеси чоң жашоого кадам таштоо болуп саналат. Бүтүрүү кечеси ар дайым салтанат менен өтүп келген. Болочок студенттер кечеге атайын кийим тигип, чачтарын жасап, коштошуу бийин бийлешет. Бирок быйылкы бүтүрүүчүлөр үчүн коштошуу кечеси башкача болот. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, аттестаттарды тапшыруу бул жолу акыркы коңгуроо менен бирге кулжа айынын 3-4дө өтөт. Маалым болгондой, бүтүрүү кечесин уюштурууга толугу менен тыюу салынды.

 «Акыркы аттестациялык экзамендер быйыл Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде өткөрүлбөй тургандыгын эске алып, бул иш-чараны кулжа айынын башында өткөрүү чечими кабыл алынды. Майрамдын алкагында күбөлүктөр тапшырылып, акыркы коңгуроо кагылат. Иш-чара мектеп аянттарында, ачык асман алдында, бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу менен коноктордун чакырылуусу жок санитардык талаптарга жооп бергидей өткөрүлүшү керек», - деп түшүндүрдү борбордук Билим берүү башкармалыгынын басма сөз катчысы Алтынай Зарлык кызы.

Мектеп мүдүрлөрү министрликтин сунушун колдоп, бүтүрүүчүлөргө быйыл салттуу кече болбой турганын кабарлаган.

«Быйылкы окуу жылында 44 мектеп бүтүрүүчүсүн чыгарып жатабыз. Акыркы коңгуроо учурунда окуучулар үчүн атайын майрамдык иш-чара уюштурулат, ошондой эле, мектеп турмушуна жигердүү аралашкандар сыйланып, акыркы коңгуроо кагылат. Салтанат бүтүрүүчүлөрдүн эсте калаарлык сүрөттөрү жана мектептин короосуна бак-дарак отургузуу менен аяктайт», - дейт Нур-Султан шаарындагы №57 орто мектебинин мүдүрү  Меруерт Абуова.

Ошентсе да бүтүрүүчүлөр үмүтүн үзө элек. Алардын пикиринде, иш-чараны теке айында карантин жоюлгандан кийин өткөрсө болот. Алардын көпчүлүгү кийим тигүүчү салондорго көйнөктөргө буйрутма берүүгө жетишкен. Дизайнер Анастасия Романова бүтүрүүчүлөрдүн табитин төмөндөгүчө түшүндүрдү.

«Азыр бүтүрүүчүлөр эки категорияга бөлүнүшөт, кээ бирлери жөнөкөй жана кыска, назик түстөрдүн минималисттик моделдерин тандашса, ал эми башкалары жалтырак, көптөгөн кооздоочу элементтери бар көйнөктөрдү тандашат», - дейт Анастасия.

11-класстын окуучуларынын айтымында, бул алардын жашоосундагы эң маанилүү күндөрдүн бири. Ошондуктан мектеп окуучулары карантинден кийин билим берүү мекемелеринде майрам өткөрүлөт деп үмүттөнүшөт.

«Бирок коштошуу кечеси болсо дагы, текчеде дагы бир көйнөктүн болуусу ашыкча эмес», - дешет бүтүрүүчүлөр.

 

Фото: alau.kz