Космос темасына арналган эл аралык сынак жарыяланды

Космос темасына арналган эл аралык сынак жарыяланды

Космос мейкиндигин тынчтык жолу менен пайдалануу аркылуу адамзаттын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу. Бул тема жөнүндө ойлонууну жана өз демилгелерин ишке ашырууну каалаган жаштар үчүн  БУУ сынак жарыялады.

Негизги талап – «Космос - климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө натыйжалуу куралдардын бири» аталышында эссе жазуу. Чыгармачылык ишинде тема боюнча жергиликтүү чөйрөдө колдонулган конкреттүү мисалдарын келтирип, айлана-чөйрөгө тийгизген оң таасири менен бөлүшүү керек.

Максаты - жылдыздар ааламын изилдөө, космос саясаты, колдонулган космостук технологиялар жана эл аралык кызматташуунун климаттын өзгөрүшүнө тийгизген таасири жөнүндө жигердүү жаштардын пикирин угуу. Сынакка БУУга мүчө мамлекеттер катыша алышат.

Даяр эмгектерди UNOOSA «Space4Youth» веб-баракчасына жайгаштыруу зарыл. Арыздар кулжа айынын 3нө чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөр «Космос Generation 2020» Конгрессине катышууга жолдомо алышат. Белгилей кетсек, быйыл Конгресс глобалдык пандемияга байланыштуу онлайн режимде өтөт.

 

Фото: vienna.usmission.gov