Казакстан MICE туризмди өнүктүрүү боюнча КМШда экинчи орунду ээледи

Казакстан MICE туризмди өнүктүрүү боюнча КМШда экинчи орунду ээледи

Казакстан MICE туризмин өнүктүрүү боюнча КМШда экинчи орунду ээледи. Конгресстердин жана Конференциялардын Эл аралык Ассоциациясы MICE туризм боюнча дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн жана шаарлардын жылдагы рейтингин жарыялады. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия Федерациясы бул тизмеде биринчи орунда турат.

Аталган рейтингге ылайык, Казакстан өткөн жылга салыштырмалуу өз көрсөткүчүн жыйырма пайызга жакшыртып, дүйнөдө 79-орунга жайгашты. Рейтинг көч башчыларынын алдыңкы бештигин адаттагыдай эле АКШ ээлейт. Алар 934 иш-чара уюштурушкан. Экинчи орунда Германия 714 окуя менен турат. Андан кийинки орунда Франция, Испания жана Улуу Британия.

Ошол эле учурда, бул рейтинг кеминде 50 делегат менен туруктуу өткөрүлгөн жана бери дегенде үч өлкөнүн ортосунда алмашкан эл аралык коомчулуктун иш-аракеттерин гана эске ала тургандыгын айта кетүү зарыл. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө эл аралык коомчулуктун 18 иш-чарасы уюштурулган. Бул иш-чаралардан түшкөн киреше 6 миллион долларды түзгөн. Ар бир иш-чарага орто эсеп менен 4000ден ашык делегат катышып, ар бири 1438 доллар сарптады.

«Акыркы жылдары MICE туризми Казакстанда туризмдин үстөмдүк кылган түрү болуп калды. Бул тармакты андан ары өнүктүрүү максатында жана COVID-19 каатчылыгынан кийинки мезгилде Kazakh Tourism бул тармакты өнүгүү стратегиясынын бири катары аныктап, өлкөнүн эл аралык иш-чараларда жагымдуулугун жогорулатуу боюнча бир катар системалуу чараларды пландап жатат. Тактап айтканда, MICE элчилерди колдоо жана өнөктөштүктү түзүүгө багытталган «Meet Іn Kazakhstan» долбоорун ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул өз кезегинде Казакстандагы MICE иш-чараларын өткөрүүгө шыктандырат деп күтүлүүдө»,- дейт «Kazakh Tourism» УК» АК басма сөз катчысы Ернур Кенжебеков.