Нур-Султанда коомдук транспорттун иши жандана баштады

Нур-Султанда коомдук транспорттун иши жандана баштады

Бүгүн борбор калаада коомдук транспорт жанданды. Автобустар саат 07.00дөн 21.00гө чейин иштейт. Биринчи этапта шаар ичинде каттамдар, экинчи этапта шаар четиндеги жүргүнчү ташуучу транспорттор чыга баштайт. Дезинфекциялоо иштери мурункудай эле жүргүзүлө берет. Айдоочулар коопсуздук эрежелерин сакташат: беткап тагынып, колкап кийип, антисептиктерди колдонушат. Мындай талаптарды жүргүнчүлөр да сакташы керек.

Борбор калаада жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автоунаа менен ташуу эрежелерине ылайык, автобустарга отургузуу алдыңкы эшик аркылуу, ал эми түшүрүү арткы эки эшик аркылуу жүргүзүлөт. Жүргүнчүлөрдүн саны атайын отурууга эсептелген сандан ашпашы керек.

«Көпчүлүк жарандар дагы эле аралыктан иштеп жатышат. Айрымдары обочолонуу режиминде. Андыктан, автобустар адаттагыдай толбойт деп ойлойбуз. Бул каттамдар чындыгында жумушка чыккан жарандар үчүн ачылды», - дейт шаардык iKomek борборунун башчысы Жаннат Дубирова.

Белгилей кетсек, айдоочулар билеттерди сатууну убактылуу токтотушат. Сапарга чыгуу үчүн транспорттук карталарды жана акы төлөөнүн альтернативдүү ыкмаларын колдонууга болот.  Карантин учурунда сатып алынган айлык жол жүрүү тарифтери колдонуучулардын транспорттук карталарына жүктөлөт.

«Ошентип, чын куран айындагы жол жүрүү билети бугу айына калтырылды. Ай сайын жол жүрүү билети бугу айынын 12нен кулжа айынын 11не чейин жарамдуу болот. Эске салсак, жалган куран айынын 28нен тарта кошумча тарифтер киргизилген. 18 жашка чейинки балдар эгерде транспорттук картасы болсо калаадагы коомдук транспортто бекер жүрө алышат», - деп айтылат Нур-Султан шаардык басма сөз кызматынын кабарлоосунда.

Ошондой эле, эртең борбор калаада жетинчи шайтан араба сезону башталат. Бугу айынын 13нөн баштап велосипедди ижарага алуу кызматы кайрадан ишке киргизилет. Биринчи этапта 50гө жакын станция жана 200 шайтан араба жеткиликтүү болот. Жалпысынан велосипедди ижарага алуу долбоору быйыл үч этап менен ишке ашырылат. Шайтан арабалардын саны кулжа айында үч эсе көбөйөт. 155 станцияда 700 велосипед борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн жеткиликтүү болот. Жаңы система 16 жаштан жогорку адамдарга каттоого мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн www.velobike.kz сайтына кирип, жеке маалыматты көрсөтүп, келишим шарт менен таанышып, тактоо керек.

Ал эми поезд качан жүргүнчүлөрдү ташый баштаары белгисиз. Атайын штаб бул кызматты жандандырууга байланыштуу маселелерди дагы деле талкуулап жатат.

 

Фото: vk.com