Казакстанда «Акыркы коңгуроо» ачык асман астында өтөт

Казакстанда «Акыркы коңгуроо» ачык асман астында өтөт

Казакстандын мектептериндеги «Акыркы коңгуроо» иш-чарасы онлайн эмес, ачык асман алдында өтөт. Бул тууралуу премьер-министрдин орун басары Ералы Тугжанов онлайн-брифингде билдирди.

«Бүтүрүү аземи жана акыркы коңгуроо кулжа айынын 3-4дө ачык асман алдында өтөт. Адамдардын саны чектелип, санитардык нормалар так сакталууга тийиш. 3,3 миллион окуучу менен колледж жана университеттердин 1 миллион студенти үчүн окуу жылынын аягына чейин аралыктан окуу режими сакталат»  - деди Ералы Тугжанов.

Премьер-министрдин орун басарынын айтуусунда, Улуттук республикалык тестирлөө пландуу түрдө өтөт.

Мындан тышкары, иштеп жаткан ата-энелер үчүн бала бакчаларда  кызматчы топтор ачылат. Бирок санитардык коопсуздуктун бардык талаптары сакталууга тийиш.

«Учурда ири соода борборлору жөнүндө көптөгөн суроолор келип түшүүдө. Азырынча андай жайлар ачылбайт. Бул маселе ар бир аймактын санитардык-эпидемиологиялык абалына жараша өзүнчө каралат. Көпчүлүк иш-аракеттерге тыюу салынган», – деп билдирди Ералы Тугжанов.

 

Фото: egemen.kz