Казакстанда учакка отурарда COVID-19га аныктама талап кылынбайт

Казакстанда учакка отурарда COVID-19га аныктама талап кылынбайт

Транспорттогу башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Садвакас Байгабулов аба транспортунда COVID-19 инфекциясына ПЦР-тесттен өтүү милдеттүүлүгү жөнүндөгү талаптарды алып салуу тууралуу түшүндүрмө берди.

Буга чейин маалымдалгандай, мындан ары өлкөнүн ички авиакаттамдарына талаптар жумшартылат. Буга чет элдик жүргүнчүлөргө COVID-19 белгилерин аныктай турган жана башка да талаптар боюнча атайын мониторинг жүргүзүлүп жатканы себеп.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын бугу айынын 1-10 аралыгында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, жүргүнчүлөрдөн, аэропорт кызматкерлери менен учак экипажынан коронавирус инфекциясын жуктуруу учуру катталган жок.

Буга байланыштуу үстүбүздөгү  жылдын бугу айынын 11нен баштап жүргүнчүлөр, аэропорт кызматынын өкүлдөрү жана экипаж мүчөлөрү үчүн COVID-19 инфекциясына ПЦР-тесттен өтүү талабы алынып салынды.

Транспорттогу башкы мамлекеттик санитардык дарыгер тарабынан тийиштүү токтом кабыл алынды.

Бирок санитардык-карантиндик талаптар - социалдык аралык, сурамжылоо, беткап режими, терминал имаратына узатуучуларды киргизбөө күчүндө калат.

 

Фото: rus.azattyq-ruhy.kz