Казакстанда өзгөчө кырдаал режими аяктады, бирок карантин сакталат

Казакстанда өзгөчө кырдаал режими аяктады, бирок карантин сакталат

Казакстанда коронавирустун таралышына байланыштуу жалган куран айынын 15де киргизилген өзгөчө кырдаал режими бугу айынын 11де саат 00:00дө аяктады.

Бүгүн президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаалды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумун өткөрөт. Анда Президент коронавирус менен күрөшүү боюнча чараларды баалап, өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын келечектеги стратегиясын аныктайт.

Эске салсак, чын куран айынын 29да президент Касым-Жомарт Токаев өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин бугу айынын 11не чейин узартуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Бирок Өзгөчө кырдаал аяктаганына карабастан шаарлар менен региондордо карантин бугу айынын 11нен кийин да улантылат. Ошентип, республиканын шаарларында жана аймактарында карантин сакталат.

 

Фото: otyrar.kz