Бугу айынын 7 – Ата Мекенди коргоочулардын күнү

Бугу айынын 7 – Ата Мекенди коргоочулардын күнү

Бүгүн бардык казакстандыктар Ата Мекенди коргоочулар күнүн белгилешүүдө. Ушуну менен өлкөдө бугу айынын 7си мамлекеттик майрам болуп бекитилгенине 8 жыл болду. Бул датаны тандоо бекеринен эмес. 28 жыл мурун дал ушул күнү Туңгуч Президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын улуттук куралдуу күчтөрүн түзүү боюнча жарлыкка койгон.

Бүгүнкү күндө көз карандысыз Казакстандын күчтүү калканы болгон чоң армиясы бар. Учурда кабыл алынып жаткан заманбап реформалар аскер кызматчыларынын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана чек аранын бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Өлкө жаштары мындай аскер катарына чакырылууну сыймыктануу менен кабыл алышат. Күч түзүмдөрүндөгү алгачкы кадамдар Ата Мекенге болгон милдетти өтөөдөн башталат.

Калыптанган салтка ылайык, ушул күнү Жогорку колбашчы кесиптик майрам ээлерин куттуктайт жана өзүн мыкты көрсөткөндөрдү салтанаттуу түрдө сыйлайт. Алардын бир канчаларына кезектеги аскердик наамдар ыйгарылат.

Быйыл мындай майрамдардын бир канчасы белгиленбей турганы айтпасак да түшүнүктүү. Пандемиядан улам келип чыккан өзгөчө кырдаал мындай салтанатты чектеп койду. Деген менен Ата Мекенди коргоочулар бул күнү көз жаздымда калбайт. Интернеттеги онлайн иш-чаралар алардын урматына өткөрүлүп, эркектер майрамды үйдө белгилешет жана жакындарынан куттуктоолорду алышат.

«Биздин үй-бүлө эркектердин эки майрамын белгилейт. Бирдин айынын 23үн эскиче белгилейбиз. Анткени үй-бүлө башчысы Советтер Союзунда кызматын өтөгөн. Ал эми бугу айынын 7син бардык казакстандыктар менен бирге тосуп алабыз. Бул күн - ата, ага, ини жана тааныш мырзаларга болгон урматыңды дагы бир жолу билдирүүгө  мүмкүндүк берген майрам», - дейт Нур-Султан шаарынын тургуну Асель Сүлейменова.

«Тилекке каршы, быйыл аскердик парадды көрө албайбыз. Бирок, биз үй-бүлөнүн ээсин кайдыгер калтырбайбыз. Ал биздин үй-бүлөнүн коргоочусу жана тиреги. Ошондуктан биз атайын белек даярдап жатабыз. Кызым экөөбүз күтүүсүз белек кылабыз. Адаттагыдай эле, майрам күнү биз эт асып, чоң дасторкондо үй-бүлө мүчөлөрү менен тосуп алабыз», - дейт борбордун тургуну Майра Жиенкулова.

 

Фото: sputniknews.kz