Жеңишке 75 жыл: «Казакстандык жоокерлер Сталинград үчүн салгылашта» виртуалдуу көргөзмөсү ачылды

Жеңишке 75 жыл: «Казакстандык жоокерлер Сталинград үчүн салгылашта» виртуалдуу көргөзмөсү ачылды

Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти - Эл Башы китепканасы тарабынан сунушталган көргөзмө материалдары Улуу Ата Мекендик согуштун кандуу тарыхы жөнүндө баяндайт.

Уникалдуу архивдик документтер Волгограддагы "Сталинград салгылашуусу" музей-коругунун фондунан алынды. Уюштуруучулардын айтымында, ата-бабалардын баатырдыгы менен эрдиги келечек муун тарабынан унутулбашы керек.

«Улуу салгылаштагы Жеңиш чоң бурулушка жетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Сталинград салгылашында Ата Мекен үчүн күрөшкөн 500 миңге жакын эр жүрөк жоокер каза тапты. Алардын арасында көп улуттуу Советтер Союзу элдеринин өкүлдөрү, анын ичинде казакстандыктар да болгон», - дейт Туңгуч Президент - Эл Башы китепканасынын өкүлдөрү.

Виртуалдуу көргөзмө материалдары менен  presidentlibrary.kz/ru сайтынан таанышууга болот.

 

Фото: inform.kz​