«Алдыман немистин жоокери чыга калды. Мен ошол замат кармаша баштадым». Ардагердин эскерүүсүнөн

«Алдыман немистин жоокери чыга калды. Мен ошол замат кармаша баштадым». Ардагердин эскерүүсүнөн

Эркин өлкөнүн асманы ачык күндөрүн көргөн Улуу майрамдын башкы каармандарынын саны жыл сайын азайып баратат. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жетпей калган ардагерлер канча? Бул күнгө жетүү бакыты буйруп, согуштан аман-эсен кайтып келген жоокерлердин бири Николай Дёмин. Жашы токсондон ашкан карыянын эскерүүсүндө кандуу салгылаштар унутулгус күндөр болуп саналат. Фашисттик Германия күтүүсүздөн кол салып, кабырганы кайыштырган убакытта ал болгону 16 жашта эле. Ошол мезгилде 17 жаштагы балдар Советтик Армиянын катарына кошулган. Бирок Ата Мекенди коргоого болгон каалоо бул чектөөдөн да күчтүү болгон. Жигердүү комсомол өз ыктыяры менен согуш майданына аттанган.

«Алдымдан немистин чымыр денелүү жоокери чыга калды. Мен ошол замат аны менен кармаша баштадым. Ал болсо «Гитлер капут, Гитлер капут» деп кыйкыра баштады, -  дейт душман менен биринчи жолу бетме-бет жолугушканын эскерген карыя.

Ал биринчи жолу курал алганы, жоокердик ботконун даамы, душмандын чабуулунан куткарган биринчи өлкөсү, тыңчы, кийинчерээк танкист болгон учурларынын баары көз алдында экенин айтат.

«Сол жакка карасам снаряддын сыныктары жанымдагы лейтенанттын баш сөөгүнө кадалып калыптыр. Мен таң калган боюнча туруп калдым. Көптөгөн кесиптеш досторумдан айрылдым, аларды эстеген сайын ичиң ачышат. Согуш талаасын карасаң жүздөгөн жарадар жана өлгөн адамдар жатат», - деп Латвия талаасындагы кармаштардын биринде алган жаракатын эске салды.

Жашоонун ачуу таттуусун көрүп, бүгүнкү күндө бактылуу жашап келе жаткан Николай Дёмин куралдаштарын эңсеп, сагыныч сезими менен көзүнө жаш алат. Кан майданда окко учуп, канча деген адамдар набыт болду. Жаркын келечек үчүн өз өмүрүн аябаган жоокерлерге таазим кылуу керек, дейт.

«Баары "Ураалап" башы ооган жакка чуркады. Кээ бирлери танкка чыгып, колундагы куралы менен асманга ок жаадыра баштады. Кубанычтан төбөбүз көккө жетти. Ар бирибиз ушул күндү эңсеп, ага жетүү үчүн колубуздан келгендин баарын жасадык», - деп  Балтика деңизинин жээгинде Улуу Жеңишти тосуп алган учуру оор жылдардын жаркын элеси экендигин эскерди.

Ошондой эле, Улуу Жеңиштин күбөсү болгон Кожатай Некибаев алоолонгон жылдардагы эскерүүлөрү менен бөлүштү. Ардагер 1943-жылы армияга чакырылганда болгону 17 жашта эле. Орто мектепти аяктагандан кийин ал курал алып, Ата Мекендин чеби менен калканына айланды. Кожатай Некибаевдин курамына кирген 48-атчандар полкунун максаты Европа өлкөлөрүн душмандан бошотуу эле.

«Биз Украинага келдик. Ошол кезде Киев боштондукка чыккан. Биз Житомирди, Ровно, Львовду жана бүтүндөй Батыш Украинаны немистерден тазаладык. Буга 3-4 ай убакытыбыз кетти. Андан кийин Венгрияга келдик. Биз бир нече шаарларды басып өтүп, өнүккөн индустриясы бар шаарга жеттик. Ал жерде немистер жакшы жашырыныптыр. Фашисттерди шаардан толугу менен тазалоо үчүн 20 күн кетти», - дейт согуштун ардагери Кожатай Некибаев.

Андан кийин душмандан бошотулган аймактардын аянты кеңейди. Бул тизмеге Словакиянын шаарлары жана айылдары кошулду. Чын куран айынын 15-16да Кожатай Некибаев жана анын аскерлери Венадагы душмандын коргонуусун талкалашкан. Ошентип, Австрияда фашисттер артка чегинишкен. Бир нече жумадан кийин Рейхстагга казакстандык Рахимжан Кошкарбаев Жеңиш Туусун сайганы тууралуу кабар жашоосундагы эң маанилүү учур, дешет аскерлер.

Абада учкуч, жерде танкер жана жөө аскерлер Улуу Жеңиш жолунда душмандар менен салгылашты. Мекен деген ыйык сезим менен душмандарга тайманбастык менен каршы турган. Ошол оор жылдардагы "Бардыгы фронтто" деген тылдагы эмгекчилердин да каармандык иштери унутулбайт.  Ооба, кыргын эстен кеткис таасир калтырды. Бул күн адамзат тарыхындагы караңгы баракча гана эмес, теңдешсиз баатырдыктын, эрдиктин жана патриотизмдин жаркыраган символу болуп түбөлүккө кала берет. Андыктан, Жеңиш күнү жалпы баарыбыз үчүн кайгылуу да, ошол эле учурда ыйык майрам болуп саналат.