«Хабар» Агенттигинин кызматкерлери согуш ардагерлерин куттукташты

«Хабар» Агенттигинин кызматкерлери согуш ардагерлерин куттукташты

Экинчи Дүйнөлүк Согушка Караганды облусунан жалпысынан 45 миң адам аттанса, алардын 18 миңи согуш майданында каза болгон. Тилекке каршы, акыркы жылдары кыргындан аман калган каармандардын саны азайып баратат. Учурда Караганды облусунда 67 ардагер бар. Алардын бири - Серафима Пономарёва. Ал төрт тилди жатка билет. Эне тилинен тышкары ал англис, немис жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт. Ал эми согуш маалында аскердик котормочу аба менен суудай керек болгон. Ошентип, окууда жүргөн өспүрүм кыз 17 жашында согуш талаасына аттанган. Ал маршал Жуковдун штабында иштеген. Жеңишти Берлинде тосуп алган согуш ардагерин майрам алдында «Хабар» агенттигинин кызматкерлери куттукташты.

«Берлинге келгенде канга толгон көчөнү жана жер кучактаган аскерлерди көргөндө жүрөгүм ооруду. Ошол айыгышкан согушта гана биздин армиянын 648 миң  жоокери курман болду. Ошондуктан бул жеңиш биз үчүн оңой болгон жок», - дейт ардагер. 

Серафима Пономарёва согуштан кийин 5 жыл Берлинде иштеген. Ал немис баскынчылары лидерлеринин кылмыштары каралган Нюрнберг сот жараянында котормочу болот. Сот жараянына чейин ал маалымат чогултуу үчүн фашисттик концлагерлердин бардыгын кыдырып, камактагылар менен сүйлөшүп чыккан.

«Нюрнберг соттук териштирүүлөрүнүн ар бир иши өтө купуя болгон. Ар бир отурумдан кийин биз маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча келишимге кол коёор элек. Абдан оор учурлар болду», - дейт ал.

Серафима Пономарёва Германияда турмушка чыккан. 1950-жылдары окуусун бүтүрүү үчүн Москвага кайтып келген. Кийинчерээк ал Казакстанга келип, 55 жыл мектеп жана университет мугалими болуп иштеген. Ал азыр 93 жашта. Эки кызынан 4 небереси, 5 чөбөрөсү жана 2 кыбырасы бар.

 

Фото: novoetv.kz