К. Токаев: Казакстандын стратегиялык багыты ачык

К. Токаев: Казакстандын стратегиялык багыты ачык

Коронавирус илдети медицина илимин өнүктүрүү абдан актуалдуу экенин көрсөттү. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев «Egemen Qazaqstan» гезитине берген маегинде билдирди. Мамлекет башчысы медицина кызматкерлеринин макамын жогорулатуу өзөктүү маселеге айланганын да кошумчалады.  Аны ишке ашыруу үчүн алгач дарыгерлерге бериле турган социалдык кепилдендирүүнү кеңейтип, шыктандыруу системасын жакшыртуу керек.   

«Келечекте өлкөдө медициналык жана биологиялык изилдөөлөргө өзгөчө көңүл бурулат. Анткени улуу армия менен бирге күчтүү медицина мамлекеттин негизги калканы болуп саналат. Албетте, анын актуалдуулугу мындан ары жогорулай турганы анык. Жакында Нур-Султан шаарында жугуштуу оорулар боюнча модулдук оорукана ачылды. Ал болгону баш-аягы эки жумада курулганын билесиздер. Оорукана эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган. Мен аны атайын барып көрдүм. Мындан тышкары, биздин окумуштуулар диагностикалык тесттер тутумун иштеп чыгышкан. Мындай конкреттүү жумуштар тармакты өркүндөтөөрү шексиз. Саламаттык сактоо министрлиги да медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу үчүн кеңири жана системалуу иш жүргүзүшү керек», - деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

Президент өз сөзүндө өлкө бул кыйынчылыкты жеңе тургандыгын айтты. Чийки затка болгон баанын төмөндөшү экономикалык абалды начарлатары анык. Эл аралык Валюта Фондунун маалыматы боюнча, быйыл дүйнөлүк ИДӨ олуттуу төмөндөйт. Ар бир өлкө өзү үчүн кам көрүүдө. Ал эми Казакстанда каатчылыкка каршы иш-чараларга 6 триллион теңге бөлүндү. Өкмөт каатчылык мезгилинде бюджетти тактоонун өзгөчө тартибин бекитти. Үнөмдөлгөн каражат  экономиканын туруктуу өнүгүүсүн жана өзгөчө кырдаалды камсыздоодо колдонулат.

«Ушундай оор мезгилде элге жардам берилбесе мамлекеттүүлүгүбүзгө сын эмеспи?! Албетте, акча таратып берүү менен абал оңолбойт. Каатчылык мезгилинде ар тараптуу жана системалуу иш-чараларды уюштуруу зарыл. Биринчи кезекте жаштарды жумушка тартуу керек. Ошондуктан 250 миңден ашык жумушчу орун түзүлөт. Ар бир аймакта инфраструктура жана инженердик долбоорлор, турак-жай жана коммуналдык кызматтар бар. Биз жумушсуз калгандарды алардын курулушуна жана оңдоо иштерине тартабыз. Жалпысынан, Казакстандын стратегиялык багыты айдан ачык», - деди Президент.

Мамлекет башчысы атап өткөндөй, өлкөдө заманбап реформалар жүргүзүлүп жатат. Бардык тармакты камтыган ар тараптуу жаңы саясий жана социалдык демилгелер колго алынууда.

«Азыркы учурда менин демилгем боюнча бир катар маанилүү мыйзамдык өзгөртүүлөр парламентте талкууланып жатат. "Тынч чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Бул биздин өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүн аныктоочу өтө маанилүү документ болоруна шек жок. Мажилис менен маслихат депутаттарынын шайлоосуна катыша турган саясий партиялар аялдар менен жаштарга 30 пайыздык квота бөлүнүп берилет. Буга байланыштуу мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Ошондой эле, саясий партияларды каттоону жеңилдетүү жана оппозициялык парламенттик институтту түзүүгө көмөктөшүү үчүн мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилет. Бул өзгөртүүлөр саясий жараяндарды андан ары либералдаштырууга багытталган конкреттүү кадам болот деп ишенем», - деди Мамлекет башчысы.

Президенттин айтымында, өлкө үчүн актуалдуу маселелердин бири - бул турак-жай. Учурда бул багытта кеңири иштер жүргүзүлүп жатат. Өкмөт алдына Эл Башы сунуштаган «Бактылуу үй-бүлө» программасынын көлөмүн кеңейтүү жана турак жай курулушун жандандыруу милдети коюлган. Ага ылайык, ушул жылдан баштап жыл сайын көп балалуу жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар 10 миң үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот.

«Аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жардамдын жаңы түрлөрү киргизилди. Мисалы, көп балалуу үй-бүлөлөр кирешелерине карабастан жөлөк пул ала башташты. Жарым миллиондон ашык жарандын 300 миң теңгеге чейинки күрөөсүз насыялары кайтарылды. Бул демилгелер калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган. Былтыр «Мугалимдин макамы жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Буга байланыштуу мен жакынкы төрт жылда мугалимдердин маяналарын эки эсеге көбөйтүүнү тапшырдым. Бул иш үзгүлтүксүз түрдө ишке ашырылууда. Бюджет тармагындагы жана башка да кызматкерлердин айлык маяналары көтөрүлүп жатат», - деди Касым-Жомарт Токаев.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы жаштарды колдоо менен устаттардын даражасын жогорулатууга багытталган иш-чаралар тууралуу да айтып өттү. Кыйынчылык учурда түшүнүү менен карап жалпы иште бириге билген, улут саламаттыгына кам көрүүдө колго алынган сактык чараларына кайдыгер карабагандыгы үчүн Казакстан элине ыраазычылыгын билдирди.